Коронавирустун 413 жаңы учуру катталып, беш киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 5-июнда өлкөдө коронавирустун 413 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 11 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 157 (эки медкызматкер);

Чүй облусунда — 98 (төрт медкызматкер);

Ош шаарында — 51 (бир медкызматкер);

Ош облусунда — 41;

Ысык-Көл облусунда — 24 (эки медкызматкер);

Жалал-Абад облусунда — 24 (бир медкызматкер);

Баткен облусунда — 8 (бир медкызматкер);

Нарын облусунда — 6;

Талас облусунда — 4.

Ошондой эле өткөн суткада 320 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 164, Чүй облусунда — 96, Жалал-Абад облусунда жана Ош шаарында 18ден, Ысык-Көл облусунда тогуз, Ош жана Талас облустарында алтыдан, Нарын облусунда үч киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында төрт, Чүй облусунда бир бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 106 636га жетти. Оорудан 100 114 бейтап айыгып, 1 842 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 733 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 102си өтө оор абалда. Мындан сырткары 1 915 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.