Кырсыкка учураган президенттин кортежинде өлкө башчынын дарыгери көз жумган

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ысык-Көл облусуна президент Садыр Жапаровду коштоп баратып кырсыктан каза болгон кызматкер өлкө башчынын дарыгери Илгиз Усубалиев экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшаналиев маалымдады.

Анын айтымында, Усубалиевдин кырсыктан алган жаракаттары оор болгондуктан окуя болгон жерде эле көз жумган.

«Машина оодарылганда маңдайкы терезени сүзүп, он беш метр аралыкка ыргып, жерге сүрүлүптүр. Мага да жакын эле, азыр тажиясынан келе жатабыз. Артында аялы, эки уулу, бир кызы жана ата-энеси калды», — деген Бейшеналиев.

Усубалиев — 37 жашта болгон. Ал УКМКнын 9-кызматынын дарыгери болуп эмгектенген. Ага чейин Усубалиев Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда иштеген.

Президенттин кортежи 4-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы унаа жолунда кырсыкка учураган. Анда мамлекеттик күзөттүн унаасы жолдун каршы тилкесине чыккан машина менен сүзүшкөн. Ал эми президент бара жаткан унаа өтүп кетүүгө үлгүргөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жеңил унаанын айдоочусу мас абалда болгон. Бейшеналиевдин айтымында, кырсыктан үч киши жабыркап, бирөө каза болгон. Жабыркагандар Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Алардын бирине 6-июнда, экинчисине 7-июнда операция жасалат.

Тема боюнча:

Президент Жапаровдун кортежи кырсыкка учурап, УКМКнын кызматкери каза тапты