Футбол: Кыргызстан Монголиядан утулду, дүйнө чемпионатына чыгуу мүмкүнчүлүгү азая баштады

Сүрөт: Кыргызстандын футбол союзу

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо баскычында ийгиликтүү оюн көрсөтө албай, монголиялык атаандаштарынан 0:1 эсебинде жеңилүү ызаасын тартты.

Матчтын жүрүшүндө үстөмдүк кылганына карабай кыргыз футболчулары 34-мүнөттө өз дарбазасына топту өткөзүп жиберди: сейрек контрчабуулда монголдор Кайрат Жыргалбек уулунун фолунан кийин жана Оюнбаатарын Мижиддорж Хюрелбаатарына Ценд-аюуш жөнөткөн топту башы менен уруп дарбазага киргизген.

Кыргызстанга Мирлан Мурзаевдин биринчи таймдагы жана Абай Боколеевдин оюндун аягындагы тынымсыз чабуулдары менен атаандаштарга карата жасаган кооптуу учурлары дагы эсепти теңеп, утуш жаратууга жардам бербеди: ансыз да коргонуу футболун ойногон Монголия алгачкы голун киргизгенден кийин ого бетер коргонууга өттү.

Дайымкы голкиперлер жок

Сүрөт: Кыргызстандын футбол союзу

Кыргызстандын курама командасынын оюну коронавируска карата шектөөлөрдөн улам курама матчка бир күн калганда беш футболчусу оюнга катыша албай калгандыктан пландалгандай өтпөй калды. Оюнга катыша албай калгандардын арасында кураманын бардык дарбазачылары бар, буга байланыштуу матч учурунда коргоочу Айзар Акматов дарбазада турууга мажбур болгон.

Covid-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам F тобундагы жыйынтыктоочу оюндардын баары Жапониянын Осака шаарында өтүп жатат. Кыргызстандын курамасында катарын чукул арада толуктоого мүмкүнчүлүгү жок болгон.

Бул жагдай команданын оюнун алсыратпай коё алмак эмес. Ошол эле кезде кураманын башкы тренери Александр Крестинин Жапонияга келгенде оюнчулардын бардыгынын тести терс болгонун айтып, матч алдында оюндун уюштуруучуларын сынга алган.

«Бизге себебин түшүндүрбөй эле даярданууну үзгүлтүккө учуратышты. Биз керек болсо теориялык да даярдык көрө албай жатабыз, анткени бир имараттын ичинде чогулууга болбойт, ошол эле учурла бардыгынын тапшырган тести терс», — деп айткан Крестинин матчтын алдандагы басма сөз жыйында.

Жапонияны жеңүүнүн зарылдыгы

Тандоо тобунда Кыргызстан кийинки айлампага чыгуу үчүн Тажикстандын курама командасы менен айыгышкан күрөш жүргүзүп жатат, бирок Монголиядан жеңилүү команданын турнир таблицасындагы позициясына бир топ эле сокку урду.

Эми тандоонун кийинки тепкичине чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон алдырбоо үчүн кыргыз курамасы алдыдагы Мьянма жана Жапонияга каршы беттеште сөзсүз утуп чыгышы керек.

Ал эми топто акыркы орунда туруп, кийинки тепкичке өтүү мүмкүнчүлүгүнөн куру калган Монголиянын курама командасы үчүн бул жеңиш сейрек кездешчү триумф болуп калды.

Кыргызстандын курама командасы катыша турган кийинки матчтардын убактысы:

11 июнь: Мьянма — Кыргызстан, Бишкек убактысы боюнча саат 13:00.

15 июнь: Жапония — Кыргызстан, Бишкек убактысы боюнча саат 16:25.