«Sabah» басылмасы «Орхан Инанды Кыргызстанда кармалды» деп жазды

Түркиялык «Sabah» басылмасы 7-июнда «ФЕТО менен күрөшүүнүн жаңы баскычы» деген макала жарыялады. Анда макаланын автору Хасан Ялчын «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды Кыргызстанда кармалганын билдирген.

Аталган макалада ФЕТОнун* мүчөлөрүн кармоо боюнча чет өлкөлөдө жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында кармалып, Түркия жеткирилгендер тууралуу жазылган.

*ФЕТО — түркчөдөн которгондо Fethullahçı Terör Örgütü (Фетхуллахтын террористтик уюму) деп чечмеленет. Түркиянын бийлиги диний үгүттөөчү «Фетхуллах Гүлендин кыймылын» 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыптап, аларды террористтик уюм деп тааныган.

Журналист Хасан Ялчын Гүлендиндин Түркиянын сыртында жүргөн тарапташтарынын өздөрүн коопсуздукта сезгени жаңылыш экенин жазган. Басылма буга мисал катары Фетхуллах Гүлендин Кенияда кармалган тууганы Селахиддин Гүленди келдирген. Түркиянын улуттук чалгын кызматы Кенияда атайын операция жасап, аны Түркияга жеткирген.

Макаланын автору Фетхуллах Гүлен ФЕТО кыймылынын мүчөлөрүн гана эмес, жадагалса өзүнүн туугандарын коргой албай калган абалга кептелди деп белгилеген.

«Мен бул макаланы жазып жатканымда Кыргызстандан маанилүү жаңылык келди: "ФЕТОнун Орто Азиядагы имамы Орхан Инанды кармалды”. Бул сыяктуу уюмдарды кулатуунун эң оңой жолу — уюмдун лидерин кулатуу. Буга чейин, ФЕТО уюмунун өлкө ичиндеги (Түркиядагы) ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Эми, чет өлкөдөгү операциялар аркылуу бүткүл дүйнөдөгү ишмердүүлүктү токтотууга аракет кылынууда. Күчтүү мамлекеттер өз душманын дүйнөнүн ар кандай жеринде кубалай алат», — деп жазган Ялчын.

Буга чейин, 1-июнда, Habererk басылмасы Инандыны «Женгиз Иншат» авиакомпаниясынын учагы аркылуу Кыргызстандан чыгаруу үчүн ал Бишкектин аэропортуна жеткирилгенин кабарлаган. Бирок кыргыз бийлиги «буга жол берген жок», мындан улам Инанды Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде кармалып жатат деп кабарлады басылма.

Соцтармактардын колдонуучулары 1-июнда «Манас» эл аралык аэропортуна чынында эле түрк учагы конгонун жазышып, ал Инандыны алып кетүү үчүн Түркиядан келген деп божомолдошкон. Анткен менен аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова бул маалыматты төгүндөп, аталган учак 1-апрелден бери Кыргызстандын аймагында болгонун жана өлкө аймагынан чыкпаганын билдирген.

Ошондой эле Курбанова бул учакты «Эти Бакыр Терексай» алтын казуучу компанияны тейлей турганын кошумчалаган.

Инанды Түркиянын элчилигинде кармалып жатканы тууралуу маалымат бар болуп жатканын жубайы Рейхан Инанды 6-июнда билдирген. Анын айтымында, Түркиянын элчилигинде Орхан Инандыны «кыйноо жолу» менен Кыргызстандын жарандыгынан баш тартуу тууралуу арыз жаздыруу жана Кыргызстандан алып чыгып кетүү аракети көрүлүп жатат.

«Ушак дейин десем, дал ушул сыяктуу жол менен дүйнөнүн булуң-бурчунан Туркия мамлекети “Сапат” системасында иштеген мугалимдерди “террорист” деген жалган жалаа менен Туркияга алып кетип жатат. Мындай маалыматтарды интернеттен тапсаңыз болот. Орхан Инандынын жүрөгү Кыргызстан деп согот. Орхан агайды сактап калалы», — деген Рейхан Инанды.

Орхан Инандынын жоголушу

«Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалан.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмү Инандынын кайда экени жана аны кимдер уурдап кеткени белгисиз экенин билдирген. Ошондой эле, аны издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн маалымдаган.

Мындан улам 1-июндан тартып Бишкекте Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, өкмөт үйүнүн жана Ак үйдүн алдында Орхан Инандынын табылышын талап кылган акциялар өтүп жатат.

Мындан сырткары, 2-июнда Ош шаарында «Сапат» түрк лицейинде окуган окуучулардын ата-энелери маалымат жыйын курушуп, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашкан. Алар Орхан Инандыны аман-эсен табууну жана «Сапат» лицейин саясатка аралаштырбоону талап кылышкан.

Инандынын жоголуусуна өлкө башчысы Садыр Жапаров дагы үн катып, УКМК менен ИИМге дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Ал эми ИИМ «Адам уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Фетхуллах Гүлен жана «Себат»/«Сапат»

«Себат» эл аралык билим берүү мекемеси Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 1992-жылдан тарта жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө уюмга өлкө боюнча 16 лицей, Эл аралык «Ала-Тоо» университети, Эл аралык «Силк Роад» мектеби жана 4 толук эмес жалпы билим берүү мектеби таандык.

«Сапаттын» мекемесине таандык окуу жайларда өлкө боюнча 10 миңден ашуун окуучу жана студент билим алышууда.

«Сапат» уюмунун маалыматына ылайык, лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 12-14ү Жалпы республикалык тестирлөөдө жыл сайын алтын сертификаттарга ээ болушат. Жалпысынан 1996-жылдан тарта «Сапаттын» кыргыз-түрк лицейлерин 13 474 окуучу бүтүргөн.

Билим берүү мекеме түрк диний үгүттөөчү Фетхуллах Гүленге таандык болгону айтылып келет. Ал эми «Себаттын» директору Нурлан Кудайбердиев алар Гүлен менен «формалдуу эмес» мамиледе болгонун жана диний ишмердин эсебинен каржыланбай калышканын айткан.

Жалпысынан дүйнөнүн 150дөй өлкөсүндө Гүленге таандык делген 1 400 мектеп бар болгону маалымдалат.

Режеп Эрдоган жана Фетхуллах Гүлен

Гүлен Түркиядан АКШга 1999-жылы дарыланууга чыгып кетип, ошол боюнча мекенине кайткан эмес — буга мурдагы өнөктөшү, учурдагы Түркиянын президенти Режеп Эрдоган менен пикир келишпестиги себеп болгон.

Эрдоган жана Гүлендин ортосундагы кастык 2016-жылы күчөгөн. Ал жылы 16-июнга караган түнү Түркиянын Анкара шаарында аскерлердин тобу «мамлекеттик төңкөрүштү» уюштурууга аракеттенген. Түрк бийлиги төңкөрүштү басып, анын кесепетинен 249 киши каза болуп, 2 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.

Кийинчерээк Эрдоган бул төңкөрүштө Фетхуллах Гүлендин тарапташтарын айыптап, миңдеген кишилер кармалган. Бирок Гүлен бул айыптоолорду четке каккан.

Түрк бийлиги бул окуялардан кийин дүйнө боюнча Гүленге таандык делген мектептерди жабууну жана ФЕТО уюмунун мүчөлөрүн өткөрүп берүүнү сурана баштаган. Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаев анын ордуна «Себат» мекемесин «Сапатка» алмаштырып, негиздөөчүлөрдүн катарына Билим берүү жана илим министрлигин коштурган.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга сапары менен келгенде экс-президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө «Сапат» лицейлерине альтернатива болуп бере тургудай кылып Бишкекте Түркиянын «Маариф» фондусунун мектептерин ачууну макулдашкан. Жылдын башында «Маариф» алгачкы мектебин Бишкек шаарында ача тураганы белгилүү болгон.

ИИМ башчысынын орун басары Мирлан Каниметов 2019-жылы Түркиянын бийлиги ФЕТОнун Кыргызстандагы мүчөлөрүн өткөрүп берүүнү талап кылганын билдирген. Каниметовдун айтымында, Туркия анын ордуна ишкер Айэркен Саймаитинин киши колдуусу боюнча маалымат берүүнү убадалаган.