«Унаасы калып, өзү жок». «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды изделүүдө

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ататүрк-Ала-Тоо» университетин негиздеген Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Бул тууралуу «Сапат» билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев «Клоопко» билдирди.

1-июнь күнү таңга маал Чыңгыз Айтматов көчөсүндө "01KG 599AHR" мамлекеттик номерлүү Орхан Инандынын автоунаасы эшиги ачык бойдон табылган. Ал 31-майда кечки саат сегиздерде үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Анын жакындары бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазышкан.

«Орхан мырза кечки саат сегизде “бирөөлөр менен жолугат элем” деп шашып чыгып кеткен экен. Ошондон бери дайынсыз. Анын Кыргызстандын жарандыгын алганына 10 жылдан ашкан. Кыргызстанга эмгеги сиңген адамдын уурдалып кеткенине ишене албай турабыз. Табылып калат деген ниеттебиз», — деди Кудайбердиев.

Ал ошондой эле, Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматынын буйрутмасы менен уурдалды деген сөздөр болуп жатканын билдирди.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмү азырынча Инандынын кайда экени жана аны кимдер уурдап кеткени белгисиз экенин билдирди. Ошондой эле, аны издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн маалымдады.

«Учурда тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн турган ыкчам иликтөө тобу түзүлүп, ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө кабар жөнөтүлдү. Жоголгон жаранды табуу боюнча бардык зарыл болгон издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Орхан Инанды

Орхан Инанды Түркияда туулган. Ал Кыргызстанда жыйырмадан ашык «Сапат» билим берүүчү лицейлерин, «Ататүрк-Ала-Тоо» университетин негиздеген.

2016-жылы Түркиянын бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген «Себат» билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. Ошол эле жылы түрк бийлиги «Сапаттын» окуучуларына Түркиянын аймагына кирүүгө тыюу салып коюшу мүмкүндүгүн билдирген. Бул билдирүүнү Билим берүү министрлиги «кыргыз бийлигине карата басым» катары сыпаттаган.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстандагы расмий сапарынын жүрүшүндө «Маариф» фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган.

Түркиянын ФЕТО менен күрөшүүсү

Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү тармактары дин аалымы Фетхуллах Гүлен жана анын ФЕТО уюму тарабынан каржыланат деп эсептейт. Түркияда бул уюм террористтик деп табылган, ал эми Гүлен өзү 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине айыпталган.

Кыргызстандын бийлиги лицейлер тармагын «Себаттан» «Сапатка» өзгөртүп, Түркия менен мамилени бузбаш үчүн директорлор кеңешинин курамына Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүн киргизген.

Жүзөгө ашпай калган төңкөрүштөн кийин түрк бийлиги миңдеген кишилерди камакка алып, жүздөгөн адамдарды ФЕТОго байланыштары бар деп соттогон. Ал эми Гүлен өзү мамлекеттик төңкөрүш уюштурбаганын айткан.

Азыр ал АКШда жашайт. Түркия бир нече жолу Америка бийлигинен аны өткөрүп берүүнү талап кылып, бирок АКШ баш тарткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эрдогандын Гүлен менен араздашуусу кантип Кыргызстанга кедергесин тийгизүүдө?

Түркия Саймаити боюнча маалыматтын ордуна ФЕТОчуларды кармап берүүнү талап кылды — ИИМ

«Маариф» фондусу: Кыргызстан Эрдогандын билим берүү тармагындагы Гүленге каршы согуш талаасына айланды

Мурдагы муфтий Чубак Жалилов Гүленге болушту