Дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын жубайы: Жолдошум түрк элчилигинде «кармалып» жатат

6-июнда Орхан Инандынын жубайы видеокайрылуу аркылуу анын жолдошу Бишкектеги Туркия элчилигинин имаратында кармалып тургандыгы тууралуу маалыматы бар экендигин айтты. Анын айтымында, бүгүн-эртең Орхан Инандыны «кыйноо жолу» менен Кыргызстандын жарандыгынан баш тартуу тууралуу арыз жаздырып, Кыргызстандан алып чыгып кетүү аракети көрүлүп жатат.

Рейхан Инанды кыргыз элине, президент Садыр Жапаровго, «Сапат» түрк лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө жана алардын ата-энелерине кайрылып, Кыргызстандын жаранын Туркияга бербөөгө жардам сурады.

«Ушак дейн десем, дал ушул сыяктуу жол менен дүйнөнүн булуң-бурчунан Туркия мамлекети “Сапат” системасында иштеген мугалимдерди “террорист” деген жалган жалаа менен Туркияга алып кетип жатат. Мындай маалыматтарды интернеттен тапсаңыз болот. Орхан Инандынын жүрөгү Кыргызстан деп согот. Орхан агайды сактап калалы», — деген ал.

Ошондой эле, Рейхан Инанды «Азаттык» басылмасына жолдошу тууралуу маалымат булагын ачыктай албасын билдирген. Ал бул кадамын жолдошунун өмүрү «коркунучта» болгондугу менен түшүндүргөн.

«Тилекке каршы мен булактарымды ачыктай албаймын, анткени азыр Орхан мырзанын өмүрү коркунучта. Эрдогандын бийлиги буга чейин да 95 адамды 23 чет мамлекеттен элчиликтер аркылуу уурдап, алып кеткен. Алардын баары учурда Түркияда түрмөлөрдө отурушат», — деген Рейхан Инанды.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги мындай билдирүүлөргө комментарий бере элек.

Рейхан Инанды буга чейин да маалымат жыйын куруп, президент Садыр Жапаровго кайрылган. Анда ал Орхан Инандыны издөө иштерине өлкө башчы мындан ары да көзөмөл жүргүзүшүнө үмүт кылаарын айткан.

Орхан Инандынын жоголушу

«Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалан.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмү Инандынын кайда экени жана аны кимдер уурдап кеткени белгисиз экенин билдирген. Ошондой эле, аны издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн маалымдаган.

Мындан улам 1-2-3-4-июнда Бишкекте Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, өкмөт үйүнүн жана Ак үйдүн алдында Орхан Инандынын табылышын талап кылган акциялар болуп өткөн.

Мындан сырткары, 2-июнда Ош шаарында «Сапат» түрк лицейинде окуган окуучулардын ата-энелери маалымат жыйын курушуп, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашкан. Алар Орхан Инандыны аман-эсен табууну жана «Сапат» лицейин саясатка аралаштырбоону талап кылышкан.

Ал арада «Сапаттын» бүтүрүүчүлөрү Орхан Инандыны тапкан адамга 1 млн доллар сый акы беришерин жарыялашкан.

Орхан Инанды Түркияда туулган. Ал Кыргызстанда 1995-жылдан бери жашайт. 2016-жылы Түркиянын бийлиги диний аалым Фетхүллах Гүленге таандык деп эсептелген «Себат» билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. Ошол эле жылы түрк бийлиги «Сапаттын» окуучуларына Түркиянын аймагына кирүүгө тыюу салып коюшу мүмкүндүгүн билдирген. Бул билдирүүнү Билим берүү министрлиги «кыргыз бийлигине карата басым» катары сыпаттаган.

Тема боюнча:

Ошто «Сапат» лицейинин ата-энелер комитети Орхан Инандыны табууну талап кылышты

«Аман-эсен табылат деп ишенебиз». Орхан Инандынын жубайы өлкө башчысына кайрылды

Митингдин төртүнчү күнү: Орхан Инандыны тапкан адамга 1 млн доллар сый акы берилет