Чыккынчылыкка айыпталган Казакпаев кыйноого жана коркутууга кабылганын айтты

Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппарат кызматкерлери УКМКнын ТИЗОсунда тергөө иштери аяктаганча кармалып турган Марат Казакпаев менен жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады. Казакпаев мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталып жатат.

«Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакпаев ден соолугуна, атап айтканда кан басымынын жогорулашына жана бөйрөк жетишсиздигине, ошондой эле камакка алынган учурдан бери ага карата эч кандай тергөө иш-аракеттери жүргүзүлбөгөндүгүнө жана өзүнө коюлган айыптарга нааразы болду», — деп белгилешти Акыйкатчы институтунан.

Мындан тышкары, Казакпаев дагы эле өзүнүн кылмыш ишин иликтеп жаткан тергөөчүнүн фамилиясын же атын билбей турганын кошумчалаган.

«Ошол эле учурда ага карата УКМК кызматкерлери тарабынан психологиялык кысым көрсөтүлүп, адвокат Икрамидин Айткуловдун кызматынан жана ага жүктөлгөн адвокаттын кызматын кабыл алуудан баш тартып, тергөөчүлөр сунуш кылган адвокат менен иштешүүнү талап кылып жатат. Болбосо, Казакпаевдин айтымында, аны Бишкектеги №1 ТИЗОго которуп, ага ар кандай физикалык кысым көрсөтүүгө даяр кылмышкерлер менен бир камерага отургузабыз деп коркутуп атышат», — деп белгилешкен укук коргоочулар.

Акыйкатчы институту белгилегендей — Казакпаев «мамлекеттик кызматкер эмес жана жашыруун документтерге аралашууга мүмкүнчүлүгү жок» экенин айтып жатат.

«Казакпаев камакка алууну жана кыйноону өзүнө карата туруктуу жана күчтүү психологиялык кысым түрүндө болуп жатканын, ал буга чейин айткан кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым маселелер боюнча өзүнүн позициясы менен байланыштырат. Ал Акыйкатчысынын өкүлдөрүнөн бул маалыматты коомчулукка жеткирүүнү жана анын укугун коргоону суранды», — деп айтылат маалыматта.

Казакпаевдин иши

Марат Казакпаев 13-апрелде УКУМ тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган. Аны менен бирге М.Т. аттуу дагы бир шектүү болгон.

«“Мамлеккетке чыккычылык” беренеси боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында айрым жарандардын катышканынын «төгүнгө чыгарылгыс далилдери» келип түшкөн», — деп билдиришти УКМКдан.

Ошондой эле, атайын кызматтын билдирүүсүндө «кылмыш ишине берилген жашыруун сырдын даражасын эске алып», кармалгандардын аты-жөнүн жана иштин кырдаалын ачыкка чыгаруу мүмкүн эместиги айтылган. Бирок, айрым ЖМКлар күч түзүмдөрүндөгү өз булактарына таянып, кармалгандардын бири — саясат таануучу Марат Казакпаев экенин дароо билдирип чыгышкан. Бул маалыматты УКМК 14-апрелде тастыктаган.

УКМК шектелгендердин экөө тең Кыргызстандын улуттук коопсуздугун ички жана сырткы коркунучтардан коргоону камсыздоо иштери жүрүп жатканда, атап айтканда, чет элдик атайын кызматтар менен уюмдарга каршы туруу учурунда кармалганын баса белгилеген.

«Төгүнгө чыгарылгыс далилдер табылды. Жасалган кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилиги 10 жылды түзүшү мүмкүн. Бул иш улуттук коопсуздукка байланыштуу болгондуктан, ал жашыруун сыр болуп саналат», — деп УКМКдан билдиришкен.

Марат Казакпаев журналисттерге өлкөдөгү саясий окуяларга пикирин билдирген адам катары белгилүү. 1994-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин ошол эле университеттин философия жана дин таануу кафедрасында иштеген. Кийин ал саясат таануу факультетине айланган.

Кийин ал Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинин саясат таануу кафедрасында окутуучу болуп иштеген.

Казакпаев саясат таануу багытындагы изилдөөлөргө катыша баштаган — «ак саясий технологияларды» жана аларды иш жүзүндө колдонууну иликтеген.