«30 батир, 10 унаа». Түштүк-батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов кармалды

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Түштүк-батыш бажысынын жетекчиси Нурбек Айтмаматовду 10-июнда кармады. Ал «Мыйзамсыз баюуга» шектелүүдө.

«Нурбек Айтмаматов өзүнүн ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды колдонуп, товарлардын жалган транзитин уюштуруп, көмүскө киреше алып турган», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат Айтмаматов мыйзамсыз тапкан кирешелерин адалдоо үчүн 4,5 млн долларга 30 элиталык батир жана 1 млн долларга 10дон ашуун унаа алганын маалымдады.

Мындан сырткары бажычы көмүскө кирешелердин көбүн эки курулуш компания аркылуу «мыйзамдаштырганы» кабарланды. Аталган компаниялар «Капитал Строй Инвест» жана «Роял Констракшн» ЖЧКлары болушу ыктымал. Анткени УКМК алардын инициалдарын «К.С.И» жана «Р.К» деп берген. Ошондой бул компаниялар журналисттик иликтөөдө аталган.

Айтмаматов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Айтмаматовго байланыштуу журналисттик иликтөө

Буга чейин «Кактус» басылмасынын журналисти Марат Уралиев Түштүк-батыш бажысынын жетекчисинин байлыктары тууралуу журналисттик иликтөө жарыялаган. Анда журналист Айтмаматовдун үч эжеси жана апасына кеминде 2,5 млн долларлык мүлк катталганын ачыктаган.

Ошондой эле иликтөөдө бажычынын апасы Канымбү Кулбаева «Капитал Строй Инвест», «Роял Констракшн», «Роял Текстиль», «Ош-Коммунальщик» жана «Коммунтехсервис и К» компаниярына ээлик кылганын аныкталган.

Ал эми Айтмаматовдун жубайы Чынара Матанова «НТС трейд» курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп көрсөтүлгөн. Бажычы жети баланын атасы, алардын экөөсү — 20 жаштагы Нуржигит жана 18 жаштагы Айдар ыктымал АКШдагы окуу жайлардын биринде билим алышат.

Нурбек Айтмаматов жана Райымбек Матраимов

39 жаштагы Айтмаматов бажыдагы карьерасын 2002-жылы Оштогу «Кара-Мык» постунда баштаган. Кийинчерээк ал Оштогу «Достук», «Ынтымак» жана «Иркештам» бажы бекеттеринде да инспектор болуп жүргөн.

Ошондой эле ал 2015-жылы Жалал-Абадда, 2019-жылы Нарындагы бажы башкармалыктарында иштеген. Ал эми 2020-жылы ал бажы кызматынын ички иликтөө жана коррупцияга каршы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

«Кактус» басылмасы Айтмаматов Райымбек Матраимовдун жакын адамдарынын бири деп божомолдогон. Ал эми депутат Искендер Матраимов бул маалыматты четке кагып, Райымбек Матраимов Нурбек Айтмаматовду кызматтан алгандан тарта алардын мамилеси начарлаганын билдирди.

Райымбек Матраимов болсо буга чейин «Коррупция» беренеси боюнча күнөлүү деп табылып, 260 миң сомдук айыпка гана жыгылган. Буга ал тергөө менен кызматташып, мамлекетке келтирген 2 млрд сомдук зыянды ордуна келтиргени себеп болгон.

Кийинчерээк УКМК Матраимовду кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектеп, дагы бир ирет кармаган. Бирок бул иш үч айдан кийин өндүрүштөн кыскартылган. Ошол эле учурда атайын кызмат Матраимов «өз ыктыяры» менен мамлекетке 20 млн сомдук батирин өткөрүп бергенин белгилеген.

Буга карабастан Матраимов анча кедейленген эмес — «Клооп» жана OCCRPнин журналисттери ал айыпка жыгылгандан кийин дээрлик 200 миң долларлык пентхаус алганын аныкташкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Курулуш компаниялар, кымбат унаалар. Түштүк-батыш бажысынын жетекчисине таандык мүлктөр ачыкталды

Иликтөө: 2 млрд сом айыпка жыгылган Матраимов Бишкекте дагы бир пентхаус сатып алды

Матраимовдон калышпайт. Иштен алынган дагы бир бажычынын байманалуу жашоосу