Курулуш компаниялар, кымбат унаалар. Түштүк-батыш бажысынын жетекчисине таандык мүлктөр ачыкталды

«Кактус» басылмасы Түштүк-батыш бажысынын жаңы жетекчиси Нурбек Айтмаматовдун үй-бүлө мүчөлөрүнө катталган мүлктөр жана компаниялар тууралуу иликтөө жарыялады. Айтмаматов бул кызматка 8-февралда дайындалган.

*Буга чейинки Түштүк-батыш бажысынын башчысы Нурлан Раджабалиев «Коррупция» беренеси менен күнөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Ушул эле берене менен жоопкерчиликке бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов жана Түндүк-чыгыш бажысынын жетекчиси Абдыбахаб Боронбаев да жоопкерчиликке тартылышкан.

Журналисттер бажычы Айтмаматовдун апасы Канымбү Кулбаева «Капитал Строй Инвест», «Роял Констракшн», «Роял Текстиль», «Ош-Коммунальщик» жана «Коммунтехсервис и К» компаниярына ээлик кылганын аныктады.

«Роял Текстиль» ишканасынын имараты

«Роял Констракшн» ЖЧКсынын фейсбук баракчасында «Капитал Строй Инвест» компаниясынын кызматкерлери менен Айтмаматов бирге түшкөн сүрөттөрү бар. Ошол эле учурда бул компанияларга ээлик кылган Кулбаева сүрөттөрдө байкалган эмес.

Мындан сырткары Нурбек Айтмаматовдун апасына жана үч эжесине — Нургүл, Венера жана Нуркан — дээрлик 1,5 миллион доллар турган 12ден кем эмес батир катталган. Ошондой эле Нуркан Айтмаматова дээрлик 1 млн долларлык унааларга ээлик кылат.

Ал эми Айтмаматовдун жубайы Чынара Матанова «НТС трейд» курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп көрсөтүлгөн. Бажычы жети баланын атасы, алардын экөөсү — 20 жаштагы Нуржигит жана 18 жаштагы Айдар ыктымал АКШдагы окуу жайлардын биринде билим алышат.

Нурбек Айтмаматов жана Райымбек Матраимов

39 жаштагы Айтмаматов бажыдагы карьерасын 2002-жылы Оштогу «Кара-Мык» постунда баштаган. Кийинчерээк ал Оштогу «Достук», «Ынтымак» жана «Иркештам» бажы бекеттеринде да инспектор болуп жүргөн.

Ошондой эле ал 2015-жылы Жалал-Абадда, 2019-жылы Нарындагы бажы башкармалыктарында иштеген. Ал эми 2020-жылы ал бажы кызматынын ички иликтөө жана коррупцияга каршы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

«Кактус» басылмасы Айтмаматов Райымбек Матраимовдун жакын адамдарынын бири болгонун божомолдогон. Ал эми депутат Искендер Матраимов бул маалыматты четке кагып, Райымбек Матраимов Нурбек Айтмаматовду кызматтан алгандан тарта алардын мамилеси начарлаганын билдирди.

Учурда Райымбек Матраимов «Бикард» жеке клиникасында жүрөгүн дарылатып жатат. Экс-бажычы ооруканага УКМКнын тергөө абагына түшкөндөн кийин которулган — Матраимов «кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» шектелип жатат. Айрым ЖМКлар Матраимовдун жүрөгүнө жакын арада операция жасала турганын кабарлашты.