УКМК: Райымбек Матраимовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши кыскартылды

Бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча кылмыш иши кыскарды. Бул тууралуу 15-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

УКМК соттук өндүрүштү баштоого «Азаттыкка» жарыяланган журналисттик иликтөөнүн материалдары негиз болгонун белгилеген. Анда Матраимов Дубайдагы кымбат баалуу мүлккө ээлик кылары айтылган болчу.

Коопсуздук кызматы Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү бар-жогун аныктоо үчүн КМШ өлкөлөрүнө, Европа, Кытай, Түркия жана Дубайга тиешелүү сурам жөнөткөн.

«Бирок, аталган мамлекеттердин компетенттүү органдарынын расмий документтерине ылайык, Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн [бул өлкөлөрдө] кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү жок болуп чыкты. Мындан улам, журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталган жок жана тергөө далилдерди тапкан эмес. Андан сырткары Р. Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан чет жактан ар кандай кыймылсыз мүлк сатып алуу фактылары тастыкталган эмес», — деп УКМК билдирди.

Мындан улам Райымбек Матраимовго карата кылмыш иши кыскартылып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылды.

«Ошол эле учурда, Р.Матраимов өз ыктыяры менен баасы 20 млн сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 чарчы метр квартирасын мамлекеттин бюджетине өткөрүп берди», — деп УКМК белгилейт.

Матраимов ким?

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукардын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан 700 млн сом чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШ Матраимов менен анын жубайын «Магнитский тизмесине» киргизген.

11-февралда Бишкекте Райымбек Матраимовдун иши боюнча сот отуруму өтүп, ал күнөөлүү деп табылган. Бирок сот ага 260 миң сом айып салып, андан соң эсептерин камактан чыгарган. Сот мындай чечимди Матраимов тергөө менен кызматташууга барып, мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсепке 2 млрд сом — 1,4 млрд сом акчалай, 600 млн кыймылсыз мүлк түрүндө төгүп бергендиктен кабыл алган.

Андан соң 18-февралда УКМК Матраимовду кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу жаңы иштин алкагында кармаган. Анда ал эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Эми ал кылмыш иши кыскартылды.

Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоо себеп болгон. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.

Тема боюнча:

Өкүм алдындагы базарлык. Матраимов өкмөткө эски батирлерди өткөрүп, өз мүлкүн сактап калдыбы?

«Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу

Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөлөрүнүн байланышы

Иликтөө: Матраимовдун падышалыгы

Матраимовдун бажы империясы

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар