Ысык-Көлдө авто кырсыктан 33 жаштагы аял эки кызы менен каза болду

Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында 12-июнь күнү «Фольксваген-Пассат» жана «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаалары кагышып, үч адам каза болду. Дагы бир жаш бала оор абалда ооруканага жеткирилди.

Ысык-Көл облусунун ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы Сталбек Усубакунов «Клоопко» кырсык Ысык-Көл облусунун Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда катталганын билдирди.

Усубакуновдун айтымында, жолдун жээгинде токтоп турган «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү унааны жогорку ылдамдыкта келе жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы келип сүзгөн.

«Жол кырсыгынын кесепетинен “Фольксваген-Пассат” унаасынын ичинде отурган 33 жаштагы аял жана анын бир жана төрт жашар кызы окуя болгон жерде каза болгон. Каза болгон аялдын 2015-жылы туулган дагы бир баласы ооруканага жеткирилген», — деди маалымат катчы.

Ал эми «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү Балыкчы шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Облустук милициядан учурда бул окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын белгилешти.

Буга чейин Бишкек — Ош жолунун 495-чакырымында жол кырсыгы катталып, алты адам окуя болгон жерде мерт кеткен. Ал эми дагы эки адам ооруканага жеткирилген.