Алдамчылыкка шектелип кармалган «Карвен групптун» ээси УКМКнын эсебине 60 млн сом төктү

«Карвен групп» ишканалар ассоциациясынын 15-июнда кармалган ээси Генрих Балян УКМКнын атайын эсебине 60 млн сом төгүп берди. Бул тууралуу «Клоопко» УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

24.kg басылмасы өздүк маалымат булактарына таянып билдиргендей, акчаны ишкер «Росинбанктагы» (учурда «Керемет банк») насыя боюнча карызынан кутулуу үчүн эсепке которгон.

Бүгүн, 17-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Баляндын бөгөт чарасы кабыл алынат. Учурда ал алдамчылыкка шектелип УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

УКМКнын кызматкерлери Генрих Балянды 15-июнда кармашкан. Комитет Балян мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүүгө барганын аныктаган.

УКМКнын маалыматына ылайык, Балян «башка бирөөнүн атына» 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө насыя алган. Ал үчүн өтпөй турган кыймылсыз мүлкүн 670 миң АКШ доллары деп ашыра баалап, андан соң күрөөгө койгон.

«Тергөө тарабынан Генрих Балян кыймылсыз мүлкүн күрөө катары берип, акча каражаттарын алганы боюнча төгүнгө чыгарылгыс далилдер алынды. Ал насыядан кутулайын деген ою болгон эмес», — деп билдиришкен коопсуздук комитеттен.

Басма сөз кызматы мурдараак ушул эле кылмыш ишинин алкагында аты аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары А.К кармалганын билдирген. Орун басар дагы алдамчылыкка тиешеси бар экени айтылууда.

24.kg басылмасынын маалыматына караганда, кеп «Росинбанктагы» алдамчылык иши тууралуу болууда, ал эми кармалган орун басар Александр Ким болушу мүмкүн.