Бишкек мэриясы көңүл ачуучу жайлардын ишине чектөө киргизди

Бишкек мэриясы көңүл ачуучу жайлардын (түнкү клубдардын, ресторандардын, коомдук тамактануу жайлардын, кафе, караоке жана барлардын) ишине түнкү саат 23:00дөн эртең мененки саат 7:00гө чейин тыюу салды. Чектөөлөр 17-июндан тартып күчүнө кирет.

Бул чечим муниципалитеттин 16-июндагы жыйынында кабыл алынды, ага райадминистрациялардын өкүлдөрү, шаардык саламаттык сактоо жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери катышты.

Мэрия аталган жайлардын ишине чектөө эпидкырдаал начарлап жаткандыктан киргизилгенин түшүндүрдү. 

«Район башчылары, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен шаардык транспорт башкармалыгына ишкерлик субъектилеринин убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер менен ченемдерин сактап-сактабаганы боюнча утур-утур рейд иш-чараларын жүргүзүп турушу керек», — деп айтышты мэриядан.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев муниципалитетке борбор калаада эпидемиологиялык абал начарлаганына байланыштуу айрым чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштаганын билдирген. Анын айтымында, өлкөдө коронавиус жуктургандардын саны кескин өсүп кеткен, аны үчүнчү толкун деп атоого да болот.

«Вирусту алып жүргөн жаштар көп адамдар менен байланышып жатат… Мындан сырткары, коомдук транспортто бет кап режимин сактап, тамактануучу жайларда аралыкты сактоо боюнча сунуштамалар бар. Менин орун басарларым рейддин жыйынтыгы боюнча маалыматтарды берип жатышат. Ага ылайык, санитардык эреже эч бир жерде сакталбай жатыптыр», — деген Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев 15-июндагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну байкалып жатканын айткан. Анын айтымында, бул үчүн бийлик стационарларда 3 миңден ашуун койка даярдап, дагы 1,5 миңин резервге алынган.

Ошондой эле ал 2021-жылдын март-апрель айларына карата соңку изилдөөлөр өлкөдө коронавирустун төрт штаммы бар экенин аныктаганын, анын ичинде 44% түзгөн британ штаммы жана 39% түзгөн орус штаммы бар экенин дагы кошумчалаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин 17-июнга карата маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустун 112 777 учуру аныкталды. Ошондой эле пандемия башталгандан бери бейтаптардын арасында 1 916 өлүм учуру катталган.