Орхан Инандынын кыргыз жарандыгын алганы иликтенип жатат — УКМК

Кыргызстанда «Сапат» Эл аралык билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны издөө иштери уланууда. Инанды Бишкекте 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон.

Милициянын маалыматына караганда, Инанды өлкөнүн бардык аймактарынан изделип жатат. Ага 1000ден ашуун укук коргоо орган кызматкери тартылган.

Орхан Инандыны издөө боюнча сотко чейинки өндүрүш ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө. ИИМден белгилешкендей, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн Инандыны издөөнүн чоо-жайы айтылбайт. Бирок күч түзүмдөрү издөө иштери тууралуу парламентке отчёт беришти.

Парламенттеги отчёт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары Рустам Мамасадыков 16-июндагы парламент жыйынында УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Орхан Инандынын* кыргыз жарандыгын алышы териштирилип жатканын билдирди. Анын айтымында, иликтөө аягына чыккан соң «тийиштүү чаралар көрүлөт».

*Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды 3-июндагы маалымат жыйында, жолдошу түрк жарандыгынан баш тартуу тууралуу арыз жазган-жазбаганын билбесин айткан. Анын айтымында, Орхан Инанды акыркы алты жылда Түркияга барган эмес.

«Ал үчүн Түркия толугу менен жабык. Ал түрк жарандыгынан баш тартканын билбейм, бирок Түркиянын паспорту болгон күндө деле, мөөнөтү бүткөн болушу мүмкүн», — деп билдирген ал.

Ошол эле учурда, «Сапат» мектебинин президенти 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Бул маалыматты Кыргызстандын президентинин аппаратынан дагы тастыкташкан.

Депутат Шайлообек Атазов Мамасадыковдон тергөөдө Орхан Инанды кай жерде болушу мүмкүндүгү, ал тирүү же тирүү эместиги боюнча илинчек бар-жогун сурады.

УКМКнын башчысынын орун басары бардык маалыматтар ИИМге берилип жатат деп жооп берди.

«Аны тирүү табуу боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деди Рустам Мамасадыков.

Ошондой эле ИИМ министринин орун басары Нурбек Абдиев укук коргоо орган кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан Инандыны парктардан, темир жолдордун жээгинен, мейманканаларда, гараж кооперативдеринен, көңүл ачуучу борборлордон, үйлөрдүн чатырларынан издеп жатышканын депутаттарга билдирди.

«“Коопсуз шаардын” камераларынан видеолорду алдык. Орхан Инандын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө тыюу салынган. 30-майдан бери “Манас” аэропорту аркылуу учуп жаткан жүргүнчүнүн баары текшерилип жатат. Түркиянын элчилигин тинтүү боюнча, биздин ага укугубуз жок. Бардык чоо-жайын айтып бере албайбыз, себеп дегенде тергөөнүн купуялуулугу бар, бул ага зыян тийгизип коюушу мүмкүн», — деди ал.

Депутат Бурун Аманова ага ИИМ Интерполго кайрылдыбы деген суроо узатты.

ИИМдин орун басары Нурбек Абдиев ИИМ чындап эле Интерполго кайрылганын айтып жооп берди.

«Бизге Орхан Инанды 1-июндан тартып Түркия, Грузия, Казакстан, Чехия, Румыния жана Ооганстандын чегин кесип өткөн эмес деген жооптор келди», — деди ал.

Абдиевдин айтымында, Инанды Кыргызстандын чек арасынан дагы чыккан эмес.

«Түркияда ага “ФЕТО” террористтик уюмунун мүчөсү фактысы боюнча издөө башталган. Ал Кыргызстандын жараны болгондуктан, биз экстрадициялоо талабын аткаруудан баш тартканбыз»,— деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, Орхан Инандыны уурдоо алдын ала даярдалган болушу мүкүн.

«Биз бардык версиялардын үстүнөн иштеп жатабыз. Бардык күч-аракет аны табууга жумшалып жатат, азыркы учурда ыйгарымдарыбыздын чегинде ыкчам-тергөө амалдарын жүргүзүп жатабыз», — деди ал.

Депутат Шайлообек Атазов андан Орхан Инанды уурдалышы мүмкүн деген маалымат чындап эле болгон-болбогонун сурады. Абдиев маалымат болгонун бышыктады.

Ал FETO Түркиянын аймагында гана террористтик деп эсептелерин баса белгиледи.

Ошол эле учурда, бир катар парламентарийлер укук коргоо орган кызматкерлерине Инандынын жоголушу саясатка байланыштуу болушу мүмкүнбү деген суроо узатышты.

«Түрк басылмалары биздин бийлик өзү жардам берген деп жазып жатат. 5-10 жылдан кийин баары билинет. Эгерде бул жерде саясат бар болсо, анда уят болобуз. Эгер бул “опэгешниктер” болсо, алар эбак эле төлөп кайтарып алууну талап кылышмак. Адам жөн жерден эле жоголуп кетпейт. Менимче, ал Кыргызстанда жок», — деди эл өкүлү Дастан Бекешев.

Ал эми эл өкүлү Улугбек Садиков атайын даярдалган операция болушу мүмкүн экенин кыйытты.

«Кандай гана болбосун ал биздин жаран. Уят болуп калбашыбыз керек. Эртели-кеч баары билинет, ал табылат. Бүгүн бул чоң саясий операция болгону 99%га түшүнүктүү болуп турат. Баары ачыкка чыгат», — деп ишенет ал.

Абдиев өз кезегинде тергөө бардык мүмкүн болгон версияларды карап жатканын билдирди.

Инандынын жоголушу жана аны издөө

Орхан Инанды Түркияда туулган. Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесин негиздеген төрт кишинин бири. Ал Кыргызстанда 1995-жылдан бери жашайт. 2001-жылдан тартып «Сапат» мектебинин президенти катары эмгектенип келген. Ал 2021-жылдын 31-майынан бери дайынсыз болууда.

1-июнда жергиликтүү милиция бардык аймактарга багыттама жөнөткөн. Сотко чейинки өндүрүш башталган. Инандыны издөөгө Бишкектин Октябрь райондук ИИБинде тергөө тобу түзүлгөн.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Ал укук коргоо органдарына анын жайгашкан жерин аныктоо боюнча тийиштүү издөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

2-июнда ИИМ Инандынын жоголушу боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Ведомство аталган иш бюнча сотко чейинки өндүрүш иштери ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө экенин белгилеген.

8-июнда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Орхан Инанды Интерпол аркылуу изделип жатканын билдирген.

Human Rights Watch (HRW) Эл аралык укук коргоо уюму «Сапат» мектептеринин президенти Орхан Инандыга байланыштуу билдирүү жасап, кыргыз бийлигин Орхан Инандынын уурдалышын иликтөөгө үндөгөн.

Уюм Инандыны Түркияда террористтик деп эсептелген Фетхуллах Гүлендин ФЕТО* коомдук уюму менен байланышы бар делгени үчүн уурдап кетишкенин четке какпайт.

Фетхуллах Гүлен жана «Себат»/«Сапат»

«Себат» эл аралык билим берүү мекемеси Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 1992-жылдан тарта жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө уюмга өлкө боюнча 16 лицей, Эл аралык «Ала-Тоо» университети, Эл аралык «Silk Road» мектеби жана 4 толук эмес жалпы билим берүү мектеби таандык.

Билим берүү мекеме түрк диний үгүттөөчү Фетхуллах Гүленге таандык болгону айтылып келет. Ал эми «Себаттын» директору Нурлан Кудайбердиев алар Гүлен менен «формалдуу эмес» мамиледе болгонун жана диний ишмердин эсебинен каржыланбай калышканын айткан.

Жалпысынан дүйнөнүн 150дөй өлкөсүндө Гүленге таандык делген 1 400 мектеп бар болгону маалымдалат.

Түркиянын бийлиги Гүленди 2016-жылы Анкарада аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптап келет. Түрк бийлиги төңкөрүштү басып, анын кесепетинен 249 киши каза болуп, 2 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.

Кийинчерээк Эрдоган бул төңкөрүштө Фетхуллах Гүлендин тарапташтарын айыптап, миңдеген кишилер кармалган. Бирок Гүлен бул айыптоолорду четке каккан.

Түрк бийлиги бул окуялардан кийин дүйнө боюнча Гүленге таандык делген мектептерди жабууну жана ФЕТО уюмунун мүчөлөрүн өткөрүп берүүнү сурана баштаган. Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаев анын ордуна «Себат» мекемесин «Сапатка» алмаштырып, негиздөөчүлөрдүн катарына Билим берүү жана илим министрлигин коштурган.

Тема боюнча: «16-күн». Орхан Инандыны табууну талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты