«16-күн». Орхан Инандыны табууну талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты

Архивдик сүрөт. Сүрөт: 24.kg

Бишкекте «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын табылышын талап кылган 300дөн ашык адам кайрадан митингге чыкты. Алардын «Инанды табылсын» деген акциясы 16 күндөн бери уланып жатат.

Инандынын тарапташтары алгач өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, андан кийин акцияны Жогорку Кеңештин имаратынын алдында улантышты. Акциянын катышуучулары парламенттин жалпы жыйынында Инандыны издөө маселеси каралсын деген талапты коюшту.

Митингге чыккан жарандар «бийлик өкүлдөрү натыйжалуу иштесин», «адам укутары корголсун» жана «Орхан Инанды кыргыз жараны» деген ураандарды кыйкырышты.

Митингде модераторлук кылган алып баруучу Нурсултан Майназаров Орхан Инанды табылмайынча акция токтобой тургандыгын билдирди.

«Биз 16 кундөн бери Орхан Инандыны колдоо акциясын улантып келе жатабыз. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында бул маселени карайбыз дешкен. Жакшы үмүт менен жакшы кабар айтат деп күтүп турабыз. Ички иштер министри жана тышкы иштер министри натыйжалуу иштешин үмүт кылабыз. Биз акцияны баштагандан бери мамлекетке бир дагы зыян келтирген жокпуз. Болгону бийлик өкүлдөрүнөн Инанды агайыбызды таап беришин талап кылабыз», — деди ал.

Ошондой эле, Майназаров «Коопсуз шаар» долбоорунун пайдасы жок экенин белгиледи. Анын айтымында, шаардагы видео байкоочу камералар аркылуу жоголгон кишини табышса болмок. Бирок Кыргызстанда бул система «иштебейт» жана «болбогон эле нерсе экен» деп белгиледи.

Орхан Инандынын жубайы Рейхан 6-июнда видео кайрылуу жасап, жолдошу Түркия элчилигинин имаратында кармалып тургандыгы тууралуу маалыматы бар экенин айткан.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доган Орхан Инанды «элчиликтин имаратында кармалып жатат» деген маалыматты төгүндөгөнүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирген.

Өз кезегинде ИИМ 9-июнда Орхан Инандыны издөө учурунда 164 кылмыштын бети ачылганын маалымдады.

Орхан Инандынын жоголушу

«Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү аны издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн маалымдаган.

1-июндан тартып Бишкекте Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, өкмөт үйүнүн жана Ак үйдүн алдында Орхан Инандынын табылышын талап кылган акциялар өтүп жатат, ал токтой элек.

Мындан сырткары, 2-июнда Ош шаарында «Сапат» түрк лицейинде окуган окуучулардын ата-энелери маалымат жыйын курушуп, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашкан. Алар Орхан Инандыны аман-эсен табууну жана «Сапат» лицейин саясатка аралаштырбоону талап кылышкан.

Инандынын жоголуусуна өлкө башчысы Садыр Жапаров дагы үн катып, УКМК менен ИИМге аны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Ал эми ИИМ «Адам уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Ошондой эле ИИМ Орхан Инандыга Интерпол аркылуу издөө жарыяланганын кабарланды.

Садыр Жапаров Түркияга болгон иш сапарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен дайынсыз жоголгон Орхан Инанды тууралуу сөз болгонун билдирген.

Анда Жапаров түрк президенттинен Инандынын жоголушу боюнча маалыматы бар-жогун сураган. Бирок Режеп Тайып Эрдоган аны тааныбастыгын, «ФЕТОчулар тууралуу билгиси да келбестигин айткан» деп билдиришкен президенттин басма сөз кызматынан.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Митингдин төртүнчү күнү: Орхан Инандыны тапкан адамга 1 млн доллар сый акы берилет

Ошто «Сапат» лицейинин ата-энелер комитети Орхан Инандыны табууну талап кылышты