ИИМ: Орхан Инандыга Интерпол аркылуу издөө жарыяланды

«Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандыга Интерпол аркылуу издөө жарыяланды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламенттик комитеттин 8-июнундагы отурумунда билдирди.

«Орхан Инанды боюнча ич ара издөө жарыяланып, андан сырткары мамлекеттер аралык Интрепол аркылуу издөө жарыяланды. Орусия, Түркия жана дүйнөнүн башка мамлекеттерине өзүбүздүн багыттамаларды жөнөттүк», — деди Абдиев.

Ошондой эле Абдиев Инанды жоголгон күнү Түркияга учуп кеткен учактардын жүргүнчүлөрүнүн тизмеси жана аэроорттогу байкоочу камералар изилденип жатканын кошумчалады. Абдиевдин айтымында, Инанды башка документтер аркылуу өлкөдөн чыгып кетти деген маалымат да текшерилип жатат.

ИИМдин маалыматы боюнча, учурда 10 миң курулуш, 3 миң жеке үй, 6 миңден ашуун көп кабатту турак жайлар, чатырлар, жер төлөлөр, 175 мейманкана, 377 көңүл ачуучу жай, 30 базар, 51 соода-комплекстер, 31 парк, 88 унаа токтотуучу жай, темир жол бекеттери, гараж жана тоолуу аймактардын баарында издөө жүрүп жатат.

Ал арада түркиялык Sabah басылмасы «Инанды Кыргызстанда кармалды» деп билдирген. Ал эми анын жубайы Рейхан Инанды ал Түркиянын элчилигинде кармалып жатканы тууралуу маалымат бар экенин кабарлаган.

Анткен менен эл аралык келишимдер Түркиянын элчилигинин имаратында тинтүү жүргүзүүгө тыюу салат. Бул үчүн элчилик өзү уруксат бериши керек. Учурда ИИМ элчиликтин ичинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылганы кабарланган.

Орхан Инандынын жоголушу

Орхан Инанды

«Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалан.

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмү Инандынын кайда экени жана аны кимдер уурдап кеткени белгисиз экенин билдирген. Ошондой эле, аны издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн маалымдаган.

Мындан улам 1-июндан тартып Бишкекте Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, өкмөт үйүнүн жана Ак үйдүн алдында Орхан Инандынын табылышын талап кылган акциялар өтүп жатат.

Мындан сырткары, 2-июнда Ош шаарында «Сапат» түрк лицейинде окуган окуучулардын ата-энелери маалымат жыйын курушуп, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашкан. Алар Орхан Инандыны аман-эсен табууну жана «Сапат» лицейин саясатка аралаштырбоону талап кылышкан.


Инандынын жоголуусуна өлкө башчысы Садыр Жапаров дагы үн катып, УКМК менен ИИМге дайынсыз жоголгон кыргыз жаранын табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Ал эми ИИМ «Адам уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.