Бишкек: Бир катар кафе жана ишканаларга санитардык талаптар бузулганы үчүн айып салынды

Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы (СЭИ) эреже бузууларды аныктоо боюнча рейд учурунда бир нече кафе жана башка компанияларга штраф салынганын билдирди.

Санитардык эрежелерди бузганы үчүн 3 миңден 13 миң сомго чейин айып төмөнкү мекемелерге салынды:

  • «Нурзаман» курулуш компаниясы;
  • «РСК Банк»;
  • «Кыргыз Дан» компаниясы;
  • «Демир Банк»;
  • «Кей Жи Групп» курулуш компаниясы;
  • Сыдыков атындагы спорт колледжи;
  • кофе жана балмуздак сатуу боюнча эки фургон.

Adriano кафеси дагы айыпка жыгылды, анткени рейд учурунда официанттардын биринин дене табы жогору экени, айрым кызматкерлер беткап тагынбай жүрүшкөнү аныкталган. Ошондой эле СЭИ белгилегендей, кафеде столдордун ортосундагы аралык сакталган эмес.

Натыйжада кафеге 3 миң сом айып салынды. Ошол эле кезде кафенин администратору официанттын дене табы жумушка велосипед менен келгендиктен жогору экенин айткан.

Мындан тышкары, Urban Shisha & Coffee кофеканасына 13 миң сом айып салынды. Бул ишкана 23:00дөн кийин иштеп, беткап режимин сактабай койгон.

Буга чейин мэрия коронавируска байланыштуу кырдаал начарлап жаткандыктан көңүл ачуучу жайлардын ишине чектөө киргизген. Аларга 23:00гө чейин гана иштөөгө уруксат берилген, аны менен бирге алар санитардык эрежелерди сактоого милдеттендирилген.