Орусиялык мультимиллионер Александр Лебедев Кумтөр кенине барды

Орусиялык мультимиллионер Александр Лебедев инстаграм барагында «Кумтөр» алтын кенинин карьерине барып келгенин билдирди. Видеодо кадр артындагы киши Лебедевге мурда бул аймакта Лысый мөңгүсү бар болгонун айтып берет.

«Кумтөр алтын кенинин карьери 4,4 км бийиктикте, тереңдиги 1 км — 25 жылдан бери алтын казылып келет, бул жылдар аралыгында киреше 12(!) млрд долларды түзгөн...», — деп жазылган видеонун баяндамасында.

Колдонуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, ишкер бул акчалардын көп бөлүгү «чет өлкөлүк чөнтөктөргө» кеткенин, дагы калган бөлүгү — «жергиликтүү бийликтин капчыгына түшкөнүн» айтып берген.

Инстаграм колдонуучуларынын бири Лебедевден «ал жерде тартип орнотууну» көздөйбү-жокпу же бул ал үчүн жөн гана жаңы бизнес ачуу мүмкүнчүлүгүбү деп тактоо суроосун берген. Мультимиллионер «тартипти президент Жапаров орнотууну чечкен» деп жооп узаткан.

Александр Лебедев деген ким?

Александр Лебедев — орусиялык ишкер, коомдук жана саясий ишмер, жазуучу. «Улуттукт резервдик корпорация» ЖАКнын директорлор кеңешинин төрагасы, Мамлекеттик думанын мурдагы депутаты. Слобод райондук думасынын депутаты.

Ал Британиядагы Independent онлайн-басылмасынын, London Live телеканалынын жана Evening Standard гезитинин ээси. Лебедев ири жеке акционер жана «Новая газетанын» инвестору да болуп эсептелет.

Анын байлыгын Forbes журналы 2016-жылы 400 млн долларга баалаган. 2020-жылдын октябрь айында ал Garantex криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Сергей Менделеев жана IT-инженерлер Роман Моисеев жана Илья Бугаев менен бирге эң алгачкы криптовалюталык банк жөнүндө долбоорун ишке киргизгенин жарыялаган.

Лебедев орусиялык жана чет өлкөлүк басылмаларга «Үчүнчү колониализм» феноменин ачканы тууралуу бир катар макалаларын жарыялаган. «Үчүнчү колониализм» — бул «алтын миллиарддын» кызыкчылыгы үчүн «өнүгүүдөн артта калган өлкөлөрдөн» финансылык ресурстарды сордуруп алууга негизделген система. Бул идеялар кийин анын «Банкирге аң уулоо» аталышындагы китебине жарыяланган.

РБК басылмасынын маалыматына ылайык, Александр Лебедевдин уулу The Evening Standart жана The Independent компанияларынын ээлеринин бири болуп эсептелет. Ошондой эле ал бир нече кайрымдуулук акцияларын уюштурган, алардын алкагында айлана-чөйрөнү коргоо жана аялуу социалдык топторду колдоого 75 млн (100 млн долларга чукул) ашуун фунт стерлинг чогултулган.