Антикоррупциялык кызмат жоюлат — Жапаров

Президент Садыр Жапаров 23-июнда бизнес-коомчулугу менен жолугушууда УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жакында жоюларын билдирди.

Анын айтымында, салык кызматы укук коргоо органдары менен бирге ишкерлер менен бизнеске көптөгөн текшерүүлөр менен кысым кылууда.

«Бул бизнеске болгон кысым токтой электигин ырастайт. Ушундан улам Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен бул орган өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтыкка келгенбиз жана аны жоюу тууралуу чечимди кабыл алганбыз. Бул кадам бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадамдардын бири болгон. Аталган кадамдарды улай жакынкы күндөрдүн ичинде УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлат. Бул боюнча тийиштүү жарлык даярдалып жатат», — деди ал.

Ошол эле учурда, Жапаров ишкерлерге бийлик «ар бир тыйындын артынан түшүп, тиешелүү жерге түшүшүнө көзөмөл» кыларын эскертти.

«Кечээ жакында Жылдыз Жакыпова* эжекебиз, укук коргоочу кыйкырып чыкты, бизнесмендер Кыргызстандан кеткиле, мыйзам силерди коргой албайт деп. Ушул окуя боюнча сиздерге, жалпы коомчулукка дагы айтып коюшум керек, эл дагы, бизнесмендер дагы бишиңиздер керек. Балян деген бизнесменди жакшы билесиздер, бул эмне кылган? Бул мамлекеттик банкка болоор-болбос күрөөнү коюп, эки жарым млн доллар кредит алып кеткен. Бирок бир дагы ай же болбосо бир күндүк үстөк пайызын, бир тыйын төккөн эмес — ушул күнгө чейин. Керемет банк — мамлекеттик банк*. Мамлекеттин акчасын тоното бергенибиз туурабы? Ал ушул жерде отурган баарыңырдын акчаңар, карапайым элдин акчасы. Эгерде мурда ушундай окуялар болуп келсе, мындан ары болбойт», — деп билдирди президент.

*Президент Садыр Жапаров укук коргоочу Жылдыз Жакыпова дегенде «Адилет» укуктук клиникасынын төрайымы, укук коргоочу Чолпон Жакупованы айтып жатышы мүмкүн. Жакында эле Жакупова «өлкөдө мыйзам үстөмдүгү “өлдү”, ишкерлер бул жерден кеткиле» деген пост жарыялаган.

*Мамлекет 2018-жылы «Росинбанктын» акциясынын негизги үлүшүнө ээ болгон. Андан соң банктын аталышы өзгөртүлгөн. Бүгүнкү күндө банк «Керемет банк» деп аталат. Ошол эле учурда, бийлик Балян кайсы жылы кредит алганын айтпай жатат.

**Генрих Баляндын күнөөсү сот тарабынан далилдене элек.

Баляндын иши

2021-жылдын 15-июнда УКМК тарабынан «Карвен групп» ишканалар ассоциациясынын ээси жана Венгриянын Кыргызстандагы ардактуу башкы консулу Генрих Балян кармалган. Комитет мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен Баляндын жең ичинен сүйлөшүүгө барганын аныктаган.

УКМКнын маалыматына ылайык, Балян «башка бирөөнүн атына» 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө насыя алган. Ал үчүн өтпөй турган кыймылсыз мүлкүн 670 миң АКШ доллары деп ашыра баалап, андан соң күрөөгө койгон.

«Тергөө тарабынан Генрих Балян кыймылсыз мүлкүн күрөө катары берип, акча каражаттарын алганы боюнча төгүнгө чыгарылгыс далилдер алынды. Ал насыядан кутулайын деген ою болгон эмес», — деп билдиришти коопсуздук комитеттен.

Басма сөз кызматы мурдараак ушул эле кылмыш ишинин алкагында аты аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары А.К кармалганын билдирген. Орун басар дагы алдамчылыкка тиешеси бар экени белгиленген.24.kg басылмасынын маалыматына караганда, кеп «Росинбанктагы» алдамчылык иши тууралуу болууда, ал эми кармалган орун басар Александр Ким эсептелет.

17-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Балянды 2021-жылдын 15-августуна чейин үй камагына коё бергени белгилүү болгон.

«Шектүү Балянга карата үй камагына чыгаруу түрүндө баш коргоо чарасы кабыл алынды, себеби ал өз ыктыяры менен УКМКнын депозиттик эсебине 60 млн сом которуу аркылуу зыяндын бир бөлүгүн төлөгөн», — деп билдиришкен соттон.

Антикоррупциялык кызмат 

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жоюу тууралуу 2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашкандан кийин айтыла баштаган. 17-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетээрдин алдында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюлганы белгилүү болгон.

Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланган эмес, бирок 14-октябрда адатта бийликтин чечимдери жарыяланчу «Эркин Тоо» гезитине жарык көргөн.

16-октябрда президенттин м.а. Садыр Жапаров АКСтин башчысы Сагынбек Исмаиловду кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койгон. Ошондо дароо эле кызматтын жаңы жетекчиси болуп Бокбосун Апсатаров дайындалганы тууралуу маалымат чыккан.

АКС жоюлуп кетсе, бул кандайча болгону — белгисиз. УКМК эч кандай комментраий берген эмес, Жапаровдун басма сөз катчысы Дастан Дүйшекеев менен байланыш дагы жеткиликсиз болуп турган.

Жээнбеков өлкөнү башкарып турганда УКМКнын АКС кызматын көп ирет сынга алган. Ал бул кызмат коррупция менен күрөшкөндүн ордуна өздөрү «коррупцияга белчесинен батып калганын» айткан.

УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызмат 2011-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев тарабынан түзүлгөн. Кызмат «коррупция фактыларын жана коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоонун» үстүндө иштеген.