УКМК «Карвен групптун» ээси Генрих Балянды алдамчылыкка шектеп кармады

15-июнда «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Балян баш коргоо чарасы аныкталганга чейин УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Генрих Балян.

Комитет мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен Баляндын жең ичинен сүйлөшүүгө барганын аныктаган.

УКМКнын маалыматына ылайык, Балян «башка бирөөнүн атына» 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө насыя алган. Ал үчүн өтпөй турган кыймылсыз мүлкүн 670 миң АКШ доллары деп ашыра баалап, андан соң күрөөгө койгон.

«Тергөө тарабынан Генрих Балян кыймылсыз мүлкүн күрөө катары берип, акча каражаттарын алганы боюнча төгүнгө чыгарылгыс далилдер алынды. Ал насыядан кутулайын деген ою болгон эмес», — деп билдиришти коопсуздук комитеттен.

Басма сөз кызматы мурдараак ушул эле кылмыш ишинин алкагында аты аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары А.К кармалганын билдирген. Орун басар дагы алдамчылыкка тиешеси бар экени айтылууда.

24.kg басылмасынын маалыматына караганда, кеп «Росинбанктагы» алдамчылык иши тууралуу болууда, ал эми кармалган орун басар Александр Ким болушу мүмкүн.