Алдамчылыкка шектелип 60 млн төккөн ишкер Генрих Балян үй камагына чыкты

15-июнда УКМК тарабынан кармалган «Карвен групп» ишканалар ассоциациясынын ээси жана Венгриянын Кыргызстандагы ардактуу башкы консулу Генрих Балян 2021-жылдын 15-августуна чейин үй камагына чыгарылды.

Бул боюнча чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. Сот прокурордун өтүнүчүн канааттандырган.

«Шектүү Балянга карата үй камагына чыгаруу түрүндө баш коргоо чарасы кабыл алынды, себеби ал өз ыктыяры менен УКМКнын депозиттик эсебине 60 млн сом которуу аркылуу зыяндын бир бөлүгүн төлөгөн», — деп билдиришти соттон.

24.kg маалымат агенттиги өздүк булактарына таянып билдиргендей, тергөө ага карата камакка алууга байланышпаган бөгөт чарасын колдонууну суранган, себеби ал «Росинбанктагы» (учурда Керемет банк) «карызы боюнча насыянын бир бөлүгүн төлөп берген».

УКМКнын кызматкерлери Генрих Балянды 15-июнда кармашкан. Комитет Балян мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүүгө барганын аныктаган.

УКМКнын маалыматына ылайык, Балян «башка бирөөнүн атына» 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө насыя алган. Ал үчүн өтпөй турган кыймылсыз мүлкүн 670 миң АКШ доллары деп ашыра баалап, андан соң күрөөгө койгон.

«Тергөө тарабынан Генрих Балян кыймылсыз мүлкүн күрөө катары берип, акча каражаттарын алганы боюнча төгүнгө чыгарылгыс далилдер алынды. Ал насыядан кутулайын деген ою болгон эмес», — деп билдиришкен коопсуздук комитеттен.

Басма сөз кызматы мурдараак ушул эле кылмыш ишинин алкагында аты аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары А.К кармалганын билдирген. Орун басар дагы алдамчылыкка тиешеси бар экени айтылууда.

24.kg басылмасынын маалыматына караганда, кеп «Росинбанктагы» алдамчылык иши тууралуу болууда, ал эми кармалган орун басар Александр Ким болушу мүмкүн.