Өлкөдө коронавируска ПЧР-тест тапшыруунун баасы эки эсе арзандады

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги коронавируска ПЧР-тест тапшыруунун баасы арзандаганын билдирди.

Мамагенттиктен билдиришкендей, бааны «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын, андан тышкары Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эсеп материалдарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдү анализдөөнүн негизинде арзандатууга мүмкүн болгон.

«2021-жылдын 25-июнундагы буйрукка ылайык, ПЧР-тесттин тарифинин өлчөмү 788 сомду түздү», — деп билдиришти мамагенттиктен. Мурда бул тарифтин өлчөмү 1 574 сомду түзчү.

Учурда жарандар коронавируска ПЧР-тестти бир катар жеке менчик лабораторияларда тапшыра алышат:

  • «Бонецкий Лабораториясы»;
  • «Aqua Lab»;
  • «Интермедикал»;
  • «Гемотест».

Ошондой «Манас» аэропортунда өлкөгө келип жана чыгып кетип жаткандар үчүн дагы экспресс тест жүргүзүлөт.