Кыргызстанда 27-июнда коронавирус жуктуруунун 992 жаңы учуру катталып, алты адам каза болду. Алардын үчөө Бишкек шаарынын, экөө Жалал-Абад облусунун, дагы бирөө Чүй облусунун тургундары. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.
- Бишкек шаарында — 567;
- Чүй облусунда — 137;
- Жалал-Абад облусунда — 84;
- Баткен облусунда — 65;
- Ош облусунда — 42;
- Ош шаарында — 34;
- Ысык-Көл облусунда — 28;
- Нарын облусунда — 22;
- Талас облусунда - 13;
Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 120 865ке жетти. Алардын ичинен 108 465 адам ооруканадан айыгып чыкты. Ал эми пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 1 977 киши көз жумду.
Учурда ооруканаларда 2 995 бейтап бар, 1 026 адамдын абалы оор, дагы 6 357 киши үй шартында дарыланууда.
Бишкек шаарында сутка ичинде 33 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Пандемия башталганы коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 5 300гө жетти, анын ичинен 4840 медкызматкер илдеттен айыкты.