COVID-19: Он бейтап көз жумду, жаңы 1 092 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 29-июнда өлкөдө коронавирустун 1 092 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 602;

Чүй облусунда — 177;

Жалал-Абад облусунда — 83;

Ош шаарында — 60;

Баткен облусунда — 70;

Ош облусунда — 47;

Ысык-Көл облусунда — 26;

Нарын облусунда — 12;

Талас облусунда — 15.

Ошондой эле өткөн суткада 558 бейтап айыгып, он бейтап көз жумду. Каза болгондордун төртөө Бишкек шаарында, үчөө Чүй облусунда, ал эми Жалал-абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында бирден.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 123 038ге жетти. Оорудан 109 511 бейтап айыгып, 1 992 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 3 209 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 128и өтө оор абалда. Мындан сырткары 7 248 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.