«Мөңгүлөрдүн абалы начар». Улуу Британиянын элчиси Кумтөр жөнүндө үн катты

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет твиттердеги барагына Кумтор кенине баргандагы таасирлери тууралуу жазды.

Сапарды 25-июнда чет элдик делегаттар жана элчилер үчүн «Кумтөр Голд Компани» уюштурган.

Гаррет твиттер барагындагы постунда кенди иштетүүнүн натыйжасында жабыркаган мөңгүлөрдүн абалын көрүп тынсызданганын жазган.

«Биз мөңгүлөрдү көрдүк, мөңгүлөрдүн абалы начар. Бирок, климаттын өзгөрүшүнөн эрип жатканын дагы түшүнүү керек», — деп жазган элчи.

Ал өлкөдө температуранын жогорулашынан улам зыян тартып жаткан башка мөңгүлөр бар экенин дагы кошумчалады. Андыктан Гаррет Кыргызстан БУУнун ноябрда өтө турган климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясына катышуусу керек деп эсептейт.

«Күмтөрдө» эмне деп жатышат?

«Кумтөр Голд Компанинин» басма сөз кызматы кенге болгон экскурсия учурунда Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова ишкана кадимки тартипте жана иш коопсуздук техникасын сактоо менен иштеп жатканын айткан.

Кутманова чет элдик делегаттарга мурда кен казууну ишке ашырган Канаданын Centerra Gold компаниясы экологиялык нормаларды сактабаганын айтып берген.

«Кумтөрдун» айланасындагы чыр жана кармоолор

Акыркы бир нече айдан бери Кыргызстанда Кумтөр кенине байланыштуу чуу токтобой келет. 6-майда парламент депутаттары жеке компанияга сырттан башкаруу киргизүүгө жол берген мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алышкан болчу.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Натыйжада бийлик «Кумтөр Голд Компаниге» тышкы башкаруучуну дайыдашкан. Ал Канаданын Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон Канаданын жараны Теңгиз Бөлтүрүк болгон.

Мындай чечим канадалык компанияны — Centerra Gold Inc — канааттандырган эмес. Компания кыргыз өкмөтүн Арбитраждык сотко берерин билдирген. Centerra республика өкмөтүнүн иш-аракети тараптар ортосундагы кол коюлган келишимдерди бузат деп эсептейт.

Ошол эле учурда, Канада компаниясы өкмөт аларга кайрылса «конструктивдик» диалогго даяр экенин билдирген.

Бул чырдын шартында бир катар саясатчылар менен экс-чиновниктер кармалган. Кармалгандардын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси жана парламент депутаты Асылбек Жээнбеков бар, андан тышкары, мурдагы өкмөт башчылары Өмүрбек Бабанов менен Мухаммедкалый Абылгазиев кармалган.

Кармалгандардын катарын парламент депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Талантбек Узакбаев жана экс-депутат Исхак Пирматов дагы толуктаган. Алардын баары «Кумтөр» иши боюнча коррупцияга шектелип жатат.