Ош: Кызды уурдаган киши үй камагына чыккандан кийин аны зордуктоого шектелип кармалды

Шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБинин басма сөз кызматы

Ош ШИИБи 9-июнда 18 жашар кызды «зордуктоого» шектеп 29 жаштагы кишини кармады. Буга чейин ал аталган кызды уурдоого жана ур-токмокко алууга шектелип үй камагына чыгарылган болчу.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов «Клоопко» шектүү кайрадан кармалып, 11-июнда убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин тастыктады. Шектүү 10-июлга чейин №25 тергөө изоляторунда кармалат.

Анын айтымында, жабырлануучу милицияга 9-июнда арыз менен кайрылып, шектүү аны күч колдонуп көп кабаттуу үйлөрдүн бирина алып барып зордуктаганын билдирген.

Ош ШИИБи арызды «Зордуктоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алып, соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Анткен менен экспертизанын жыйынтыгы 20 күн өтсө да чыга элек.

Ош шаардык соту шектүүнү 22-майда үй камагына чыгарган. Соттон «шектүүнүн туруктуу жашаган жайы бар болгонун жана ал тергөөгө тоскоолдук жаратпайт» деп негиздешкен. Ошол эле учурда судья кыздын «мен берген көрсөтмөлөрүм үчүн бул баладан корком, бул камалышы керек» деген билдирүүсүн эске алган эмес.

Алгач милиция 29 жаштагы кишини «Адам уурдоого» шектеп, үстүбүздөгү жылдын 19-майында кармаган. Анда шектүү Кызыл-Кыя шаарынан жабырлануучу кызды уурдап, Ошко алып келгени кабарланган. Жабырлануучу жигитине чалууга үлгүргөндүктөн ал милицияга кабар берген.

«Шектүү андан кийин кызды унаада ур-токмокко алып, телефонун талкалап салган. Ал кызды “башка жигит менен жүрөт экенсиӊ, мен сени эч кимге бербейм” деп кызганып урган», — деп билдиришкен Ош ШИИБден.

Тергөө учурунда жабырлануучу шектүүнү тааный турганын, ал аны 2019-жылы зордуктаганын айткан. Мындан сырткары, ал шектүү анын эркине каршы «сени зордуктаган учурду видеого тартып алганмын» деп коркутуп, кордоп жүргөнүн билдирген.

«Жабырлануучунун көрсөтмөсү боюнча териштирүүлөр жүрөт, бирок алар 2019-жылы таанышып кыз-жигит болуп жүрүшкөн. “Зордуктоо” да ошол учурда болгондугун айткан. Ошол убакта жабырлануучу милицияга арыз жазган, кийинчерээк ал апасы менен биргеликте келип тосмо арыз жазып бергендиги аныкталды. Тосмо арыздын негизинде бул иш ошол учурда жабылган», — деген Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Анткен менен милициянын буга чейинки берген маалыматында «кыз шектүү тарабынан 2019-жылы зордукталган учурда 16 жашта болгондугун айтып, арыз жазуудан корккондугун» билдирген болчу. Ал эми ишти Ош ШИИБи карап, кыскартып салган.