«Эч кимге бербейм». Кызга зомбулук көрсөтүп, Кызыл-Кыядан Ошко алып келген киши кармалды

Сүрөт: Ош ШИИБдин басма сөз кызматы

Баткен облусунун Кадамжай районунун 29 жаштагы тургуну «Адам уурдоого» шектелип кармалды. Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, шектүү 19-майда Ош шаарында унаасында 18 жаштагы кызды күч менен кармап отурган жеринен кармалган.

Кыздын уурдалганы тууралуу маалыматты милицияга кыздын жигити билдирген. Андан соң милиция шектүүнүн унаасы боюнча анын кайсыл жерде жүргөнүн аныктаган.

«19-майга караган түнү шектүү мурда сүйлөшүп жүргөн кызды эркине каршы Кызыл-Кыя шаарынан Ош шаарына алып келген. Ошол учурда кыз жигитине чалып жардам сураганга үлгүргөн. Шектүү андан кийин кызды унаада ур-токмокко алып, телефонун талкалап салган. Ал кызды “башка жигит менен жүрөт экенсиӊ, мен сени эч кимге бербейм” деп кызганып урган», — деп Ош ОИИБден билдирди.

Мындан сырткары, милициядан жабырлануучунун «мен берген көрсөтмөлөрүм үчүн бул баладан коркком, бул камалышы керек» деп айтканын кошумчалашты.

«Шектүү менен жабырлануучу 2019-жылы кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Ошол эле учурда бир нече ирет зордуктаган. Жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө шектүү “сени зордуктаган учурду видеого тартып алгам” деп коркутуп, андан кийин да кордук көрсөткөнүн айтып берген. Ал убакта жабырлануучу 16 жашта болгондуктан милицияга арыз жазуудан корккон», — деп белгилешти милициядан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам уурдоо» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.

Буга чейин 21-майга караган түнү Чүй облустук милициясы 23 жана 26 жаштагы тургундарды «адам уурдоого» шектелип кармалган. Милициянын маалыматына ылайык, алар «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү унаа менен кызды уурдап баратканда «Сосновка» постунан кармалган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кыргызстандагы кыз уурдоо

Кыргызстанда 2013-жылы кыздарды мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Мындай кылмыш үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Бирок Кыргызстанда мажбурлап никеге тургузуу максатында кыз-келиндерди уурдап, алар макул болбой койсо изине түшүп, көзүн тазалайбыз деген коркутуулар токтогон жок. Кыз-келиндер уурдалып, зордукталып, ала качкандын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан психологиялык кысымына дуушар болуп келет.

Уурдалган кыз-келиндер көпчүлүк учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркап, турмушта өз жолун таап кетүүгө мүмкүнчүлүккө ээ болбой, укуктары тебеленген бойдон калышууда.

Жакында болуп өткөн кыз уурдоо фактысы коомдо резонанс жаратып, укук коргоо органдарына карата сындар айтылды. Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы 5:00те уурдалган. Анын сөөгү 7-апрелде Бишкекке жакын жайгашкан Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада автоунаанын ичинде табылган.

Айзаданын окуясы Бурулай Турдалы кызынын аянычтуу тагдырын эске салат — Бурулайды дагы артынан түшүп алган киши милиция имаратынын ичинен өлтүргөн.

Эки окуя тең коомдо чоң талкуу жаратып, укук коргоо органдарына карата нааразычылыкты күчөткөн. Бул окуялардан кийин бир катар милиция кызматкерлери жумуштан айдалган.