Ош шаары: Кызды уурдап ур-токмокко алган киши үй камагына чыгарылды

«Адам уурдоого» шектелген тургун. Сүрөт: Ош ШИИБинин басма сөз кызматы

Баткен облусунун Кадамжай районунун «Адам уурдоого» шектелип Ош шаарынан кармалган тургуну үй камгына чыгарылды. Шектүүнүн бөгөт чарасы Ош шаардык соту тарабынан 22-майда каралган.

Ош шаардык сотунан билдиришкедей, сот шектүүнү үй камагына туруктуу жашаган жерин эске алуу менен «тергөөгө тоскоолдук жаратпайт» деген негиз менен чыгарган.

Буга чейин 21-майда Ош шаардык милициясы 18 жаштагы кызды өз эркине каршы Кызыл-Кыя шаарынан Ош шаарына алып келип, андан соң унаасында ур-токмокко алган 29 жаштагы кишини кармаган.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу мындан эки жыл мурун шектүү тарабынан бир нече жолу зордукталганын айтып, «мен берген көрсөтмөлөрүм үчүн бул баладан корком, бул камалышы керек» деп айткан.

Шектүүнүн үй камагына чыгарылганы социалдык тармактарда нааразычылык жараткан. Шаардык соттун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы «Клоопко» шектүүнү үй камагына чыгарылуусу сотко чейинки тергөө ишинде ага карата «Адам уурдоо» беренеси менен гана айып тагылганы себеп болгонун билдирди.

«Шектүүнүн бөгөт чарасы “адам уурдоо” беренеси менен гана каралды. Мыйзам боюнча бул берене менен үй камагына чыкса болот. Ал эми “зордуктоо” беренеси кошулган эмес, ошондуктан бул берене каралган эмес. Бул сотко чейинки тергөө ишинде кыскарып кеткендигине байланыштуу болушу мүмкүн», — деди Туратбек кызы.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө беренелер квалификацияланышы мүмкүн. Ошондой эле, шектүү алгач «Адам уурдоо» фактысы менен кармалгандыктан, КЖБРге аталган берене менен катталгандыгын кошумчалады.

«Жабырлануучунун көрсөтмөсү боюнча териштирүүлөр жүрөт, бирок алар 2019-жылы таанышып кыз-жигит болуп жүрүшкөн. “Зордуктоо” да ошол учурда болгондугун айткан. Ошол убакта жабырлануучу милицияга арыз жазган, кийинчерээк ал апасы менен биргеликте келип тосмо арыз жазып бергендиги аныкталды. Тосмо арыздын негизинде бул иш ошол учурда жабылган», — деди Сыдыков.

Анткен менен милициянын буга чейинки берген маалыматында «кыз шектүү тарабынан 2019-жылы зордукталган учурда 16 жашта болгондугун айтып, арыз жазуудан корккондугун» билдирген болчу.

Мындан сырткары, Ош ШИИБи жабырлануучунун көрсөтмөсүнө таянып, шектүү кызды эркине каршы «сени зордуктаган учурду видеого тартып алганмын» деп коркутуп, кордоп жүргөнүн билдирген.

Кыз уурдалганы тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгына анын жигити кабарлаган. Жабырлануучу жигитине чалып окуя тууралуу айтып берүүгө үлгүргөн. Ош ШИИБи шектүүнү унаасынын негизинде таап, камакка алган болчу.

Тема боюнча:

«Эч кимге бербейм». Кызга зомбулук көрсөтүп, Кызыл-Кыядан Ошко алып келген киши кармалды