БШК мүчөлөрүнүн 50 пайызын президент сунуштайт. Жапаров мыйзамга кол койду

Президент «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы» жөнүндө конституциялык мыйзамына кол койду. Бул мыйзам 2021-жылдын 16-июнунда парламент тарабынан кабыл алынган.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, «Аталган конституциялык мыйзамдын негизги максаты болуп Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарын жөнгө салуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү саналат».

Мындан тышкары, ал БШКнын укуктук макамы менен ишмердигинин принциптерин аныктайт.

Парламент бул мыйзам долбоорун коомдук талкууга 2021-жылдын 18-майында алып чыккан. Анын демилгечиси — депутат Бакыт Төрөбаев.

Ал БШК жөнүндө мыйзамды 2021-жылы 11-апрелде жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык келтирүүнү сунуштаган. Анын айтымында, муну «БШКнын ишмердигинин легитимдүүлүгүнө байланыштуу суроолорду болтурбоо» үчүн жасаш керек болчу, себеп дегенде жакында Жогорку Кеңештин жана айрым жергиликтүү кеңештердин кайра шайлоосу өтүшү керек.

Боршайком кантип иштейт?

Жаңы ченемдерга ылайык, Боршайкомдун мүчөлөрүнүн жарымын президент, калган бөлүгүн парламент* сунуштайт. Ошол эле учурда БШКга талапкерлердин бардыгын парламент депутаттары бекитет. Мыйзамга ылайык, комиссияга жалпы 12 адам мүчө болот.

*Мурда БШК мүчөлөрү төмөндөгүдөй шайланчу: үчтөн бирин президент, дагы бир бөлүгүн парламенттеги көпчүлүк, ал эми үчүнчү бөлүгү— парламенттеги оппозиция тарабынан сунушталчу. Ушундан кийин гана аларды парламент бекитчү.

Калган пунктарды учурдагы мыйзамдагыдай боюнча калат. Мисалы, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн 70%дан ашыгы бир жыныста болбошу керек. Ошондой эле комиссиянын мүчөлөрүн парламент гана кызматтан бошото алат.

Мыйзам долбооруна ылайык, БШКнын курамы мурдагыдай эле беш жылга түзүлөт, анын ишмердиги парламент таркатылганда же президент отставкага кеткенде дагы токтотулбайт.

Ал эми БШК төрагасынын орун басарларынын саны кыскартылды — эми эки орун басардын ордуна бирөө гана.

«Борбордук шайлоо комиссиясынын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары анын биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып башталат. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда аяктаса, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ошол шайлоо өнөктүгү бүткөнгө чейин узартылат», — деп белгилешет мыйзам долбоорунун авторлору.

23-июнда парламенттин жыйынында БШК мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары 25-июнда аяктап жатканы айтылган. Ошол эле учурда БШК мүчөлөрү милдеттерин жаңы курам шайланганга чейин аткарышат.

БШК мүчөлөрүнүн талапкерлиги

Өлкө башчысынын квотасы менен шайлоо үчүн үч аял жана үч эркек сунушталат. Аялдардын арасында БШКнын учурдагы төрайымы Нуржан Шайлдабекова да бар.

КСДП экс-депутат жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин талапкерлигин көрсөттү. «Республика — Ата Журт» Бишкек АШКсынын төрагасы Кайрат Маматов менен эл өкүлү Таабалды Тиллаевди колдоп жатат.

«Кыргызстан» эки талапкерин сунуштады — БШК мүчөсү Акылбек Эшимов жана ушул эле фракциянын мурдагы депутаты Чолпон Эсенаманова. «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы партиялашы Тынчтык Шайназаровдун талапкерлигин алып чыкты.

«Бир Болдон» Абдыжапар Бекматовдун талапкерлиги сунушталды, учурда ал БШКнын төрайымынын орун басары. Ал эми «Ата Мекенден» «Кыргызпочтасынын» экс-төрагасы Марс Наспеков менен Эсеп палатасынын мурдагы башчысы Искендер Гайыпкуловдун талапкерлиги колдоо табууда.