Баткен облусуна өзгөчө макам берилгенден кийин кандай өзгөрүүлөр болоору айтылды

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 1-июлда 2021-жылдын апрелиндеги куралдуу жаңжалдан кийин жабыркаган Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды өнүктүрүү жана калыбына келтирүү боюнча жыйын өткөрдү.

Жолугушууда чиновниктер «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун жана чек арага жакын жайгашкан үйлөрдү калыбына келтирүү жана куруу боюнча иштерди талкуулашты.

Өзгөчө макам берүү кандай өзгөрүүлөргө өбөлгө болот?

Марипов облуска өзгөчө макам берүү «аймак тургундарынын жашоосуна олуттуу өзгөрүүлөрдү» алып келиши керек. Анын айтымында, бул макам облуста жаңы жумуш орундарын түзүп, бүткүл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздайт.

«Биз Баткен облусунда жашаган ар бир үй-бүлөнүн жашоосунда чыныгы өзгөрүүлөргө жетишүүбүз керек. Адамдар ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөдө жашашы тийиш», — деди Марипов.

Ошондой эле экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев облусту экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн каржылоонун жеңилдетилген механизмдери иштелип чыгып, бюджетти түзүүнүн өзгөчө тартиби бекитилгенин айтып берди.

«Мамлекеттик кепилдиктерди караган атайын салык жана инвестициялык режим киргизилген», — деди Иманалиев.

Министрдин орун басары регионго өзгөчө макам берилери менен товарларды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун өзгөчө режими киргизилип, жарандар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жеңилдиктер сунушталат.

Кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү жөнүндө

Жыйында министрлер кабинетинин башчысы куралдуу жаңжал учурунда айылдарда кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү боюнча ишти дагы талкуулады.

Мариповдун айтымында, объекттердин баарын калыбына келтирүү иш планына ылайык, объектилердин курулушу 3 категорияга бөлүнгөн — турак жайларды, социалдык жана аскердик багыттагы объектилерди куруу.

Марипов бүгүнкү күндө облуста 136 турак жайдын курулушу башталганын, ал эми жаңжал учурунда каза тапкан 36 үй-бүлөнүн турак жайларын куруп берүү иши аяктапк алганын билдирди. Аны менен бирге, Мариповдун айтымында, облуста беш мектеп, эки бала бакча жана бир медициналык мекеме курула баштаган. Бул максаттарга бийлик 250 млн сом бөлгөн.

«1-сентябрга чейин жабыркаган билим берүү мекемелеринин курулушу милдеттүү түрдө бүткөрүлүшү керек. Зыяндын көлөмүн баалоо процедурасы бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жүргүзүлүшү кажет, бардык жабыр тарткандарга компенсациялык төлөмдөр тез арада төлөнүшү керек», — деп кошумчалады Марипов.

ӨКМдин маалыматына ылайык, куралдуу жаңжалда облуста 220 объект кыйраган, алардын ичинен 138и — тургундардын үйлөрү. Ошондой эле, материалдык зыян 1 млрд 305 млн сомду түзгөн.

Чек арадагы жаңжал

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыр 28-апрелде эки өлкөнүн чек арасына жакын жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациясынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин ок атууну токтотуу чечими кабыл алынган.

3-майда тараптар кошумча күчтөрдү чек ара тилкесинен баштапкы жайгашкан жерлерине кайтарууну жыйынтыкташкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, чек арадагы ок атууда 36 кыргызстандык набыт болуп, 154 адам ар кандай деңгээлде жарадар болгон. Чеке ара аймагынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган. Тема боюнча:Жапаров менен Рахмон жабык эшик артында алты саат эмнени талкуулашты?