COVID-19дун үчүнчү толкуну: 118 кызматынын оператору катаал иштөө шартына даттанды

Kaktus.media басылмасына 118 кызматынын байланыш кызматынын оператору анонимдүү түрдө кайрылып, эпидкырдаал курчуп кеткенине байланыштуу аталган кызматка операторлор менен врачтар жетишсиз болуп жатканын билдирген. Анын айтымында, кызматкерлер эртеден кечке иштеп, аларга тамак да алып келип бербей жатышат.

Саламаттык сактоо министрлиги көйгөй бар экенин моюндап, бирок ушул тапта саламаттык сактоо кызматкерлеринин баарына оор болуп жатканын жана бул «убактылуу» экенин белгилешти. Ведомстводон белгилешкендей, COVID-19 жуктуруу төмөндөсө кызматкерлерге болгон күч келүү азаят.

«Бизге кыйын эле болуп жатат»

Колл-центрдын операторунун айтымында, 118 кызматына күнүгө бир эле район боюнча 400гө чукул билдирме түшөт, ал эми операторлордун өздөрү суткасына 12 сааттан иштешет.

«Бизге түшкү тамак берилбейт, дем алыш күндөр төлөнбөйт, ошол эле учурда ар бирине жардам бергенге аракет кылабыз. Көчөдө адамдар азыркы оор кырдаалды чындыгында түшүнбөйт. Үч оператор иштейбиз, бизге кыйын эле болуп жатат», — деди ал.

Мындан тышкары, анын айтымында, 118 кызматынын сыртта иштеген бригадаларынын дагы абалы «чыдагыс».

«Алар деле эртеден кечке ачка жүрүшөт, алган айлыгы деле жарыбаган акча. Ал тургай бензин түгөнүп калып, чакырууларга бара албай калышат. Менин көз алдымда бир адам бригаданы чакырып, барганча чыдабай каза болуп калды. Мен бир гана учурду айтып жатам. Андайлар күн сайын катталып жатат», — деп айтып берген оператор.

Ал саламаттык сактоо министрлигинин аракетсиздигине нааразы, ведомствого «баары бир» деп эсептейт.

«[Саламаттык сактоо] министрлигине баары бир, себеби эч ким биздин көйгөйдү уккусу келбейт. Коомго туура эмес маалымат берип жатышат, себеби көптөгөн адам элементардык жардам ала албай жатат», — деп айтып берди ал.

Андан тышкары, анонимдүү кайрылган айым бардык врачтар бейтаптарды 118 кызматына жөнөтүп жатканына нааразы болгон. Чынында 118 кызматынын милдетине кеңеш берүү жана ПЧР-анализ гана кирет.

«118 бригадасы биринчи жардам көрсөтө албайт. Азыр бардык жерде биринчи симтоп пайда болгондо адам терапевтке чалышы керек деп айтышат. Алар поликлиникага чалганда, врачтар аларды дароо бизге жөнөтүшөт. Андан ары аларды тез жардамга жөнөтөбүз, бирок алар бейтаптарга барышпайт. Алар коронавирус жуктургандар менен карым-катнашта болгусу келбейт. Билдирмелер кечигүү менен аткарылат. Башаламан болуп жатат. Министрликке бригадалардын жана колл-центрдын операторлорунун санын көбөйтүү керектигин жеткиргибиз келет», — деп белгиледи оператор.

«Бул убактылуу фактор»

Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Жангазиев Kaktus.media басылмасына курган маегинде чынында эле COVID-19дун жайылышынан улам акыркы убакта саламаттык сактоо тармагына күч келип жатканын айтып берген.

Анын айтымында, азыр саламаттык сактоо тармагынын бардык кызматкерлерине — министрлик, ооруканалар, поликлиникалар, лабораторияларга оорчулук келип жатат.

«118 кызматынын иши боюнча, кезметтеп иштөө уюштурулду, операторлор бекитилген алгоритм менен иштеп жатат. 118 кызматынын жумушчулары ҮМБнын кызматкерлери болуп эсептелгендиктен, бул кызмат кандай максатта түзүлгөнүн эске алуу менен, албетте, күч келип кыйналып жатабыз деп арызданган белгисиз оператор айтып жаткан фактор убактылуу, коронавирус пандемиясынын жайылуусу азайганда күч келүү азаят», — деди Жангазиев.

Анын айтымында, азыр саламаттык сактоо министрлиги өнөктөштөрү менен биргеликте чукул байланыштын технологиялык кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштеп жатат.

«Операторлордун санын көбөйтүү үчүн кошумча күчтөр тартылды. Азыркы убакта аларды бекитилген протоколго ылайык даярдоо жүрүп жатат. Саламаттык сактоо тармагына келген оорчулуктар боюнча мониторинг жүрүп жатат, абалдын өнүгүшүнө жараша министрлик тиешелүү резервдерди тартып келет», — деп белгилеген министрдин орун басары.

Ошондой эле ал тамак-аш берүү маселеси 118 кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөндө чечилерин да айтты.

Министрдин орун басары мобилдик бригадалар бензин менен камсыздалган эмес деген маалыматты дагы төгүнгө чыгарды. Анын айтымында, мобилдик бригадаларда керектүүнүн бардыгы, анын ичинде жеке коргонуу каражаттары да бар.

«Бүгүн 36 бригада иштеп жатат, эртең дагы экини кошобуз. Ар бир бригада бекитилген график боюнча иштеп жатат. Азыркы убакта кайсыл бир бригаданын чакырууга баруудан баш тарткан учуру боло элек», — деп белгилеген ал.

Ал саламаттык сактоо министрлиги жана Бишкек мэриясы, республикалык штабдын тескөөсү алдында 118 кызматынын ишин биргеликте камсыздап жатканын белгиледи.

COVID-19дун үчүнчү толкуну

Акыркы апталарда өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны кескин жогорулады. Ал эми саламаттык сактоо министрлиги 15-июнда эле Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын расмий жарыялаган болчу.

Өткөн суткада өлкөдө вирус жуктуруунун 1 485 жаңы учуру катталды, анын ичинен 932 учур Бишкек шаарында аныкталды. Мындан тышкары, сутка ичинде 51 медик COVID-19га чалдыкты.Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 127 880га жетти. Ошондой эле пандемия башталгандан бери коронавирус 5 505 медиктен аныкталды.

Расмий версияга ылайык, пандемияда жалпысынан 2 009 киши көз жумду. Ошондой эле 108 медкызматкер каза тапты.

Буга чейин республикалык штаб кыргызстандыктарга эмедемиологиялык абал курчуп турган аймактарга баруудан карманып турууга чакырган. Ошондой эле, штаб жарандарды эл көп чогулган жерлерге барбоо жана санитардык талаптарды сактоого чакырган.

Андан тышкары, республикалык штаб тез аранын ичинде министлик жана ведомство кызматкерлери эмдоодөн өткөрүүнү сунуштаган. Ал эми министрлик жана ведомстволордун жетекчилерине кызматкерлердин кеминде 50%ын, анын ичинде 60 жаштан ашкан кызматкерлерди, өнөкөт оорусу барларды, кош бойлуу аялдарды аралыктан иштөөгө өткөрүүнү тапшырган.

Республикалык штабдын башчысы Жалдыз Бакашова 2-июлда эпидемиологиялык кырдаал боюнча жыйын учурунда саламаттык сактоо министрлигине 118 кызматынын жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен биргеликте мобилдик бригадалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо тапшырмасын берди.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Зарылчылык жаралса» чектөө чаралары киргизилет — Республикалык штаб