«Зарылчылык жаралса» чектөө чаралары киргизилет — Республикалык штаб

COVID-19 менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдын башчысы Жылдыз Бакашова 2-июлда эпедемиологиялык абалга байланыштуу жыйын өткөрүп, абал курчуп кеткенин белгиледи. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бакашова өлкө бийлиги COVID-19га байланыштуу эч кандай чектөө чарларын киргизбегенин билдирди. Бирок «зарылдык жаралса чектөө чаралары киргизилиши мүмкүн».

Ал кошумчалагандай, жакын арада Кыргызстанга 1 миллион 250 миң доза кытай вакцинасы алынып келинет, ошондуктан эмдөө үчүн адамдарды мүмкүн болушунча көбүрөөк тартыш керек.

«Бишкек шаарындагы вакцина борборлорунун күнү-түнү иштешин камсыз кылуу зарыл. Мындан тышкары, эмдөө пункттары супермаркеттерде жана дарыканаларда ачылат. Коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү жалпы иш экендигин, ошондуктан бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ырааттуу координациясы, өз ара аракеттенүүсү жана жардамы керек экендигин баса белгилегим келет», — деп билдирди Бакашова.

Штаб башчысы саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир катар тапшырмаларды берди. Ага ылайык, министрлик төмөнкүлөрдү аткарышы керек:

  • медызматкерлерин коронавирус инфекциясы менен ооруган адамдарды дарылоо ыкмалары боюнча окутууну улантуу;
  • 118 кызматынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, тейлөө кызматкерлеринин санын көбөйтүү менен ишке тажрыйбалуу медицина кызматкерлерин тартуу;
  • Министрлер Кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте мобилдик бригадалардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо;
  • үч күндүн ичинде экономика министрлигине дары-дармектерди, медициналык багыттагы буюмдарды, жеке коргонуу каражаттарын сатып алуу үчүн зарыл болгон каражат жөнүндө сурам жөнөтүү;
  • эпидемиологиялык кырдаалга жараша Кытайдан келген вакцинаны региондор жана шаарлар боюнча пропорционалдуу бөлүштүрүү.

Аны менен катар, коргоо министрлигине Бишкектеги «Семетей» мейманканасына медициналык кызматкерлер үчүн обсервация уюштуруу маселесин чечүү тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 127 880 адам ооруга кабылган. Ошондой эле, бул аралыкта өлкөдө 2 019 бейтап коронавирустан көз жумган.