Маморгандарга эмдөө алуу жана кызматкерлердин жарымын аралыктан иштөөгө кетирүү сунушталды

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб COVID-19 илдетинин жайылуусуна бөгөт коюу максатында министрликтер менен ведомстволорго чектөө киргизүү сунушун айтты.

30-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана штаб башчысы Жылдыз Бакашова кол койгон катта төмөнкү сунуштар айтылат:

  • министрлик жана ведомстволордун жетекчилерине кызматкерлердин кеминде 50%ын, анын ичинде 60 жаштан ашкан кызматкерлерди, өнөкөт оорусу барларды, кош бойлуу аялдарды аралыктан иштөөгө өткөрүү;
  • уюмдарда жана ведомстволордо эпидемияга каршы режимди сактоону катуу көзөмөлдөө, дезинфекция иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү;
  • тез аранын ичинде министлик жана ведомство кызматкерлери эмдоодөн өткөрүүү;
  • Министрлик жана ведомстволордун жетекчилерине келгендерди жана кызматкерлердин кирүүсүн чектөө жана бардык жолугушууларды онлайн режиминде өткөрүү;
  • эпидемиялык абал жакшырганга чейин бардык кызматкерлер маданий иш-чараларга, коомдук тамактануу жайларына, кафе, ресторандарга, көңүл ачуу борборлоруна, базарларга, базарларга, ири соода борборлоруна, кинотеатрларга, музейлерге барбасын.

COVID-19дун үчүнчү толкуну

Акыркы апталарда өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны кескин жогорулады. Ал эми саламаттык сактоо министрлиги 15-июнда эле Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын расмий жарыялаган болчу.

Өткөн суткада өлкөдө вирус жуктуруунун 1 392 жаңы учуру катталды, анын ичинен 803 учур Бишкек шаарында аныкталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 126 395ке жетти.

Расмй версияга ылайык, пандемия башталгандан бери жалпы 110 698 бейтап айыгып, 2 009 киши көз жумду.

Буга чейин республикалык штаб кыргызстандыктарга эмедемиологиялык абал курчуп турган аймактарга баруудан карманып турууга чакырган. Ошондой эле, штаб жарандарды эл көп чогулган жерлерге барбоо жана санитардык талаптарды сактоого чакырган..