COVID-19: Тогуз киши каза болду, жаңы 1 437 учур катталды

Сүрөт: Саламаттык сактоо жана социалдык өнүтүрүү министрлиги

Республикалык штаб 5-июлда өлкөдө коронавирустун 1 437 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 37 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 924;

Чүй облусунда — 142;

Баткен облусунда — 87;

Ош облусунда — 85;

Жалал-Абад облусунда — 78;

Ош шаарында — 71;

Ысык-Көл облусунда — 33;

Талас облусунда — 10;

Нарын облусунда — 7.

Ошондой эле өткөн суткада 568 бейтап айыгып, тогуз бейтап каза болду — алардын үчөө Бишкек шаарында, экөө Ысык-Көл облусунда, Ош шаарында, Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында бирден.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 132 070ке жетти. Оорудан 113 212 бейтап айыгып, 2 046 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 4 126 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын ичинде 176 кишинин абалы өтө оор. Мындан сырткары 10 318 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.