Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы демократия тууралуу оюн айтты

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев «Бейнеге сүртүмдөр. Лидер» деген даректүү тасмасында Кыргызстандагы демократия тууралуу оюн айтты.

Өз өлкөсүндөгү демократия тууралуу ой бөлүшүп жатып, Казакстан «Батыштагыдай демократияга жаңы гана кадам таштаганын» белгилеген.

«Демократиянын аралы… Кыргызстан… бизге боордош, жакын эл. Ушул 30 жыл аралыгында Кыргызстанда бир нерсе жасалдыбы?! Ар бир президентти колдоп, бул жакка чакырдым. Акча, насыя берүүнү сунуштадык. Бирок эч нерсе жасалган жок да. Ошондуктан экономика жашоонун негизи», — деди ал.

Нурсултан Назарбаев Казакстандын биринчи президенти болгон, ал өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган. Назарбаев кызматынан 2019-жылы мартта кеткен.

Президенттик кызматтан кеткенденден кийин Назарбаев Казакстандын коопсуздук кеңешин башкара баштаган. Бул кызматты ал өмүр бою аркалай алат, буга байланыштуу мыйзамды парламент 2018-жылы майда кабыл алган.