Талас: Каржы пирамидасынын мүчөлөрү камакка алынган жетекчисин бошотууну талап кылышты

5-июлда ондогон кишилер Талас облусунун администрациясынын алдына нааразычылык акциясына чыкты. Алар каржы пирамидасын түзгөн «Эл биримдиги» уюмунун жетекчиси Кубатбек Түлкүбаевди бошотууну талап кылышты.

Нааразычылык акциясына чыккандардын бири Сауле Бегматова «Клоопко» курган маегинде, Түлкүбаев негизсиз кармалганын билдирди. Анын айтымында, ал кармалгандан бери долбоордун иши жүрбөй, тургундар акчасын ала албай жатат.

«Мен бул долбоорго өз ыктыярым менен акча салгам. Долбоордун жетекчиси камакка алынганга чейин иш жакшы жүрүп, бардыгыбыз акчабызды алып жатканбыз. Эч кандай нааразычылыгыбыз деле жок болчу. Бирок милиция кызматкерлери 7-июнда свет жок учурда имаратты бастырып кирип, Кубатбек Түлкүбаевди камашкан. Биз азыр аны бошотууну талап кылып жатабыз», — деп билдирди ал.

Бегматованын айтымында, «Эл биримдиги» финансылык долбоору «жакырчылык менен күрөшүү үчүн түзүлүп, аталган долбоорго Талас облусунун администрациясында иштеген адамдар да өз ыктыяры менен акча салып жүргөн».

Чогулган эл менен Министрлер кабинетинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жолугуп, анын камалышы мыйзамдуу экенин айтты.

«Ар кимиңиздер мыйзам ченемдүү гана аракеттерди жасаңыздар. Азыр баары териштирилип, мыйзамдуу гана иш-аракеттер жүрөт. Атайын топтордун акча тараткан башчылары бар экен. Алар бардыгы бирден иликтенип чыгат. Азыр соттун чечими менен мыйзамда каралган чаралар көрүлүп, сот бошотсо чыгат. Камалып, тиешелүү жаза алат десе, ошондой болот», — деп белгиледи ал.

Талас облустук ИИБдин басма сөз катчысы Динара Сарногоева «Клоопко» «Эл биримдиги» финансылык пирамидасынын башында турган 3 киши соттун чечими менен кармалганын тастыктады. Алардын үстүнөн милицияга 204 жарандан арыз түшкөн.

«Алар 2 айга убактылуу кармоочу жайга калтырылган. Тургундар азыр дагы арыз жазып кайрылып жатышат. Келтирилген чыгымдын жалпы эсеби 13 067 500 сомду түзгөн, азыркы учурда тийиштүү тергөө аракеттери жүргүзүүлүдө», — деди ал.