Орхан Инанды

Түркиянын чалгындоо уюму тарабынан Кыргызстандын аймагында уурдалганы белгилүү болгон «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды «Азаттыкка» маек курду.

«Түркиядан табылганы күтүүсүз болду»

Рейхан Инанды күйөөсүнүн Түркиядан табылганы күтүүсүз болгонун айтты. Ал Орхан Инанды жоголгондо кыргыз аткаминерлери да, ИИМ да анын «чет өлкөгө чыкпаганын» айтып ишендиришкен деп билдирди.


«Алар “биз бардык чет мамлекеттерди карадык, бирок чыккан жок” дегенде мен “ал сөзсүз кыргызстандын ичинде” деп ойлодум. Анын Түркиядан чыкканы мага күтүүсүз болду. Инандынын качан кантип алынып кеткени боюнча эч кабарыбыз жок», — дейт ал.


Инандынын жубайы жолдошунун жарыяланган сүрөттөрүнөн эле кандай азап чеккенин көрүүгө болот дейт. Ошондой эле ал Инанды 10 килограммга арыктап, коронавирус менен ооруган учурдагы салмагына келип калганын айтат.

«Ал кышында коронавирус менен катуу ооруган эле. Азыр ооруканадан чыккандай абалга түшүптүр, сакалы өсүптүр, арыктаган, “колу сынды” деп айтып жатышат, маанайы жок. Ушундай мамилеге туш болгон да. Адамдын сүрөтүн көрсөңүз билесиз да, Орхан агайдын Кыргызстандагы сүрөттөрү менен Түркиядагы сүрөтүн көрсөңүз [анын кандай кыйналганын] өзүңүз түшүнөсүз», — деди Инанды.

Орхан Инанды жубайы Рейхан Инанды менен

«Орхан агайдын үмүтү өчтү»

Орхан Инанды 26 жылдан бери үй-бүлөсү менен Кыргызстанда жашап келген. Жубайы «Инанды» деген сөз түркчөдөн кыргызчага которгондо «ишенди» деген маанини билдирерин айтып, «Орхан агай Кыргызстанга, кыргыз бийлигине ишенген эле» деп кейиди.

«Мурдагы бийликтегилердин деле, азыркы бийликтегилердин деле көпчүлүгүнүн балдары бизде окуйт. Алар Орхан агайды бизден да жакшы билет, Орхан агайдын алар менен карым-катнашы жана мамилеси жакшы болчу. Азыр ойлосом Орхан агайдын ичиндеги үмүтү өчтү да. Билбейм… Бирок мен кыргыз элине ыраазымын, жакшы жардам беришти», — деп ал оор үшкүрүндү.

Рейхан Инанды жолдошунун уурдалышы боюнча «баарын кудайга салдым, кудай таразаласын» деп кошумчалады.

Аял мындан ары кандай кадамга барарын азыр ойлоно элек. Ал тек гана кыргыз бийлиги өзү билип өз жаранын алып келсе өлкөнүн престижи да жакшы болот деп белгиледи.


«Эми кыргыз бийлиги бийлик катары өз жаранын алып келиши шарт, муну мен айтышымдын кажети жок, алар өз милдетин билиши керек. Бийлик деген ошон үчүн керек да. Бирок Орхан агай ушундай болду, Түркияда аны эмне кылышат, эмне болот мен билбейм. Көрөбүз, кудай көрсөтөт. Бирок азыр суранам, кыргыз бийлиги Орхан агайды алып келсин!» — деди Инанды.


«Атайын операция, нота, кенебестик»

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан кыргызстандын жараны, «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды террорчуларга каршы операциянын алкагында өлкөгө алынып келингенин түз эфирде жар салды.

Ал эми 6-июлда ТИМ Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нааразычылык нотасын тапшырды. Ошондой эле аны Кыргызстанга кайтарууну талап кылды.

Коомчулук бийликтен Инандынын уурдалышы боюнча реакция кылууну талап кылгандан кийин президент Садыр Жапаров ЖМКлардын бирине маек курду.

Ал Инанды «эң негизгиси аман-эсен экен» деп билдирди. Жапаров Инандыны уурдоого үч жолу аракет болгонун айтып, «кенебестик кылып коюптур» деп айтты.

«Үчүнчүсү кыш айларында болуп, анда Камчыбек Ташиев сактап калыптыр. Тагыраагы, УКМКнын балдары сактап калышкан. Аны Орхан Инанды жана анын үй-бүлөсү да билет экен. Ошондо Камчыбек Кыдыршаевич жалгыз жүрбө, дайыма жан сакчы менен жүргүн деп эскерткен экен», — деди Жапаров.

Ал тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Түркиянын элчисине нота тапшыруу боюнча буйрук бергенин белгилеп, аны кайтарып алып кетүү үчүн Түркиядан анын жарандыгы боюнча жооп күтүп жатышканын белгиледи.

Парламенттин депутаттары Орхан Инандынын уурдалганын кескин сынга алышты. Аталган маселе Жогорку Кеңештин жыйынында 7-июлда көтөрүлдү. Ал эми ИИМ Инанды кандай жагдайда уурдалганы иликтенээрин билдирди.

Орхан Инанды 31-майга караган түнү Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде уурдалган. ИИМ жана УКМК анын жоголушун иликтегени менен коомчулукка эч кандай маалымат берилген эмес.