«Эң негизгиси аман-эсен экен». Садыр Жапаров Орхан Инандынын уурдалышы боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров кыргыз жараны, «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инандынын уурдалышы боюнча 24.kg басылмасына интервью берди.

Анда Жапаров 2016-жылдан бери Инандыны үч жолу уурдап кетүү аракети болгонун, акыркысы кыш айларында орун алганда УКМК сактап калганын айтты. Ал эми мугалимдин уурдалышына «кенебестик» себеп болгонун билдирген.

«Үчүнчүсү кыш айларында болуп, анда Камчыбек Ташиев сактап калыптыр. Тагыраагы, УКМКнын балдары сактап калышкан. Аны Орхан Инанды жана анын үй-бүлөсү да билет экен. Ошондо Камчыбек Кыдыршаевич жалгыз жүрбө, дайыма жан сакчы менен жүргүн деп эскерткен экен. Кенебестик кылып коюптур да...», — деп түшүндүргөн президент.

Ошондой эле өлкө башчысы тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Түркиянын элчисине нота тапшыруу боюнча буйрук бергенин белгилеп, аны кайтарып алып кетүү үчүн Түркиядан анын жарандыгы боюнча жооп күтүп жатышканын айткан.

«Эң негизгиси — аман-эсен экен. Өмүрү узун болсун. Кайтарып алып келүү боюнча маселе көтөрдүк. Бирок азырынча Түркия тараптан расмий жооп келе элек. Оозеки түрдө Орхан Инанды силердин жаран эмес, биздин жаран, бизден жарандыктан чыккан эмес деген жообун берип атышат дешти. Түркиянын расмий жообун күтүшүбүз керек», — деди Жапаров.

Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму уурдап өлкөгө жеткиргенин Режеп Тайып Эрдоган өзү 5-июлда билдирген. Анткен менен Эрдоган прездинт Садыр Жапаров менен июндун башында жолукканда Инандынын жоголушу боюнча маалыматы жоктугун айткан.

Орхан Инанды 31-майга караган түнү Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде уурдалган. ИИМ жана УКМК анын жоголушун иликтегени менен коомчулукка эч кандай маалымат берилген эмес.