Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду, жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда

Иллюстратидик сүрөт

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 8-июлда саат 17:00 чамасында кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда ок атышуу орун алгандыгын маалымдады.

Мекемеден билдиришкендей, Кыргызстандын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районундагы Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан. Аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн чабуул кылышкан.

«Аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу болгон. Чыр-чатак учурунда жаракат алган аскер кызматкерлери боюнча маалымат такталып жатат. Эки тараптын чек ара өкүлдөрү бул факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Орун алган окуянын келип чыгуу себептерин жана жагдайларын териштирүү максатында күч структуралырынын жетекчилери жана Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жөнөп кетишти.

Ал эми тажик ЖМКлары Тажикстандын УКМКсынын маалыматына таянып, ок атышуу төрт кыргыз чек арачы чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн орун алганын жазышты. Тажик тарап эки кыргыз чек арачы жарадар болгон деп маалымдады.

«Кыргыз чек арачылары аскерий жана жарандык форманы кийип, куралчан болушкан. Алар Девашит районунан Кыргызстандын аймагына тогуз атты алып өтүүгө ниеттенишкен», — деп айтылат Тажикстандын УКМКсы тараткан маалыматта.