Онкологиялык оорулууларды дарылоо үчүн ырааттуу тездеткич ишке киргизилди

Бөлүкчөлөрдүн ырааттуу тездеткичи. Сүрөт: саламаттык сактоо министрлиги

Онкология жана гемотология улуттук борборунда 7-июлда *ырааттуу тездеткич (линейный ускоритель) ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

*Бөлүкчөлөрдү ырааттуу тездеткич — бул адамдын соо клеткаларына болушунча аз зыян тийгизип, өсмө клеткалары менен күрөшкөн аппарат. Азыркы сызыктуу тездеткичтер нурдун агымын кайсыл жерге жибериш керек экенин абдан так эсептеп бере алат. Ырааттуу тездеткичтин өзгөчөлүгү — ал нурга өсмө шишигинин формасын алууга жол бергенинде. Андыктан өсмө клеткалары жок кылынып, тегеректеги соо клеткалар кала берет.

Ырааттуу тездеткичти ишке киргизүүгө саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да катышты. Ведомстводон тездеткичтер «Кумтөр Голд Компани» алтын кен компаниясы бөлгөн каражатка сатып алынганын белгилешти.

Бөлүнгөн 7 млн долларга саламаттык сактоо министрлиги эки ыраатуу тездеткич, компьютердик томограф жана башка керектүү жабдууларды алган.

Ишке киргизүү учурунда Бейшеналиев тездеткич иштеп баштаганда «онкологиялык бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты жакшырат» деп билдирди.

Тездеткичтерди ишке киргизүүнүн кечигиши

Ырааттуу тездеткичтер 2021-жылдын кыш мезгилинен бери ишке берилбей турган. Бул бир жагынан жабдыкты COVID-19 пандемиясына байланыштуу алып келүү маселесинен улам, бир жагынан тездеткичтерди ишке берүү үчүн каражат сакталган алыш-бериш эсеби бөгөттөлүп тугандыктан болгон.

Кийин «Ракка каршы бирге» коомдук фондунун башчысы Гүлмира Абразакова тездеткичтерди алып келүүгө жарыяланган тендер өткөндөн кийин утулган компаниялардын бири сотко бергенин, бирок онкология бул процессти жеңип алганын билдирген. Андан кийин ага орун жайды даярдоо процедурасы башталган, бирок ремонт иштери аяктагандан кийин кайра текшерүү келген.

Абдразакова арыз «Жардам берген оңой» кайрымдуулук фондунун башчысы Динара Аляева тарабынан берилип, анын негизинде УКМК текшерүү жүргүзгөнүн айткан.

Аны менен катар, Абдразакова Аляевага тендерди өткөрүүдө эч кандай мүчүлүштүктөр жана базуулар болгон эмес деген кат жүзүндөгү эскертүү келгенин түшүндүргөн.

Динара Аляева өзү УКМКга эч кандай арыз жазбаганын билдирген. Ал акыркы жолу эки жыл мурда арызданганын, ал ырааттуу тездеткичти сатып алуу үчүн өткөрүлгөн тендерде атаандаштыкты жокко чыгарган техникалык тапшырмаларга байланыштуу экенин айткан.