Ташиев: Инандыга кеңештерди бергенбиз, өзү кенебей койду

Камчыбек Ташиев/Орхан Инанды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлда басма сөз жыйын курду. Анда ал Түркиянын чалгындоо уюму тарабынан уурдалган «Сапат» билим берүү мекемелеринин Кыргызстандагы негиздөөчүсү Орхан Инанды боюнча да суроолорго жооп берди. Ал алгач Инанды боюнча кыскача бирок «объективдүү» маалымат берерин белгилеп өттү.

«Бардык кеңештерди берип, жол-жоболорду көрсөткөнбүз»

Ташиев Орхан Инандыны 2015-жылдан баштап эле уурдоого аракет кылышкан дейт. Анын айтымында, УКМКнын кызматкерлери 2019-жылы башка бир өлкөнүн жараны Кыргызстанда жашаган Түркиянын жаранын уурдоого аракет кылып жатканын аныкташкан. Кийин ал Орхан Инанды экени такталган.

Ал эми 2021-жылдын февраль айында Инанды үч күнгө жоголуп кетип, «аны биз сактап калганбыз» дейт УКМК башчысы. Бирок Ташиев ошол учурда аны кимдер уурдоого аракет кылганын ачыктаган жок.

«Алып кетишкенде биз кайтарып, сактап калганбыз. Сактап калгандан кийин биз ага анын үстүнөн операция баары бир бир күнү аяктаарын түшүндүрүп, жеткиргенбиз. “Сак бол, ар дайым жан сакчы менен жүр, эл аз жактарга барба” деп айтканбыз. Бардык кеңештерди берип, жол-жоболорду көрсөткөнбүз», — деди ал.

УКМКнын башчысы Инандыга «керек болсо Кыргызстандан чыгып кетүү сунушу берилгенин», анткен менен ал сунуш-пикирлерди «кенебей койду» дейт.

«Башкача айтканда биз бардык коопсуздук чараларын көргөнбүз [...] Ооба, биз кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун сактоого милдеттүүбүз. Бирок жеке бир адамдын коопсуздугун коргой албайбыз. Биз 7 миллион жаранга бирден жан сакчы коё албайбыз. А бирок Инандыга биз кеңештерди бергенбиз», — деди ал.

«Кыргызстанда болгондо Инандыга кылмыш ишин козгомокпуз»

Ташиев мындан сырткары Инандыга 2019-жылы Кыргызстандын жарандыгын алышынын мыйзамдуулугу боюнча иш козголгонун билдирди. Ал «Инанды Түркиянын жарандыгынан чыкпаганын белгилеп, эгер ал Кыргызстанда болуп бул факт эртерээк аныкталганда кылмыш ишин козгомокпуз» деп айтты.

Ошондой эле ал жарандуулуктун мыйзамдуулугу боюнча иш Инанды тууралуу маалыматтар бир мекемеде болуусу үчүн ИИМге өткөрүлөт деди.

«Инандынын 2024-жылга чейин жарамдуу болгон түрк паспорту бар экен. Ал паспортту дайыма — мамлекеттик чек арадан өтүүдө, сапарларында, өзгөчө батыш өлкөлөрүнө болгон сапарында колдонуп жүргөн. Анын кош жарандуулугу болуп, эки өлкөнүн тең паспортун колдонгон. Ал ушул жерде эле мыйзамды бузган. Эгер Инанды бул жерде болуп биз бул фактты эртерээк ачыктаганда аны жоопко тартмакпыз», — деди ал.

Ошол эле учурда УКМКнын башчысы учурда Инанды «кандай жагдайда, ким тарабынан, кантип өлкөдөн чыгарылып кеткени» иликтенип жатканын кошумчалады.