Коронавирустан 10 киши каза болуп, 1 319 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 9-июлда өлкөдө коронавирустун 1 319 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 29 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 715 (13 медик);

Чүй облусунда — 225 (жети медик);

Жалал-Абад облусунда — 109 (үч медик);

Ош облусунда — 87 (эки медик);

Баткен облусунда — 84 (төрт медик);

Ысык-Көл облусунда — 44;

Ош шаарында — 25;

Талас облусунда — 15;

Нарын облусунда — 5.

Ошондой эле өткөн суткада 845 бейтап айыгып, 10 киши каза болду — алардын жетөө Бишкек шаарында, үчөө Чүй облусунда.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 137 058ге жетти. Оорудан 116 358 бейтап айыгып, 2 083 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 4 614 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын ичинде 197 кишинин абалы өтө оор. Мындан сырткары 12 874 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.