Тажикстан ок тийип каза тапкан кыргыз аскеринин сөөгүн өз аймагы аркылуу кайтарат

Иллюстративдик сүрөт

Тажикстан ок атышууда каза болгон кыргыз чек арачынын сөөгүн 9-июлда кайтарат. Бул тууралуу Кыргызстандын УКМКсынын чек ара кызматы кабарлады.

Мекемеден куралдуу кагылышуу тоолуу аймакта болгондуктан маркум Хуснидин Хожиевдин сөөгү Тажикстан аркылуу жеткириле турганын билдиришти. Буга чейин Хожиевдин сөөгүн кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланган.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 8-июнда саат 17:00 чамасында атчан чек ара кезмети Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн чабуулга кабылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча атчан кезметтин курамында төрт чек арачы болгон. Анын экөөсүнө ок тийип, экөө качып кетүүгө үлгүргөн. Жарадар болгондордун бири каза тапкан. Ал эми бир жоокер барымтага алынган. Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча өкүлү Кыялбек Төлөнбаев аны кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Ок атышуу учурунда тажик тараптан да жарадар жана каза тапкандар бар болгону айтылууда, бирок тажик бийлиги жоготуулар боюнча расмий маалымат бере элек.

Ал эми тажик ЖМКлары Тажикстандын УКМКсынын маалыматына таянып, ок атышуу төрт кыргыз чек арачы чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн орун алганын жазышты. Тажик тарап эки кыргыз чек арачы жарадар болгон деп маалымдады.

«Кыргыз чек арачылары аскерий жана жарандык форманы кийип, куралчан болушкан. Алар Девашит районунан Кыргызстандын аймагына тогуз атты алып өтүүгө ниеттенишкен», — деп айтылат Тажикстандын УКМКсы тараткан маалыматта.