Ош: №5303 участоктогунда журналисттердин ишине тоскоолдук жаратылды

Ош шаарындагы №5303 шайлоо участогунда «Ынтымак» телеканалынын кызматкерлерине шайлоону чагылдырууда тоскоолдук жаратылды. Ош ШИИБи окуяны териштирип жатат.

Телеканалдын журналисти Мимоза Жанибек кызынын айтымында, аларды милиционерлер УШКнын төрайымы Манзурохон Абдуллаеванын буйругу менен киргизишкен эмес. Анткени ага журналисттердин байкоочулардан мыйзамсыз көрүнүштөр тууралуу интервью алганы жаккан эмес.

«Бизге жашоочулардан №5303 шайлоо участогунда акча таратылып жатат экен деген чалуулар келген. Алар дагы укканын айтышкан. Абал кандай экен деп барганбыз. Кирсек элек бейөкмөт уюмдун мүчөсү бар экен. Ал бизге кайрылып, "ушул жерде башка партиянын талапкерлери кадимкидей эле жүрөт, төрайымга арыз менен кайрылсак кабыл албай жатат" деди. Ошентип интервью берип атканда төрайым бизди карап кирип кеткен. Эми интервью алып кирели десек, милиция кызматкерлери келип биз силерге киргенге уруксат бере албайбыз, төрайым уруксат берсе деп киргизишкен жок», — деди Жанибек кызы.

Журналисттин айтымында, ал Абдуллаевага анын аракеттери мыйзамсыз экенин айтып жатканда милиционерлер операторду сыртка чыгарып салышкан.

«"Манзура эже, журналисттер келди" деп милиционер айтканда, “мен бош эмесмин” деп чыкпай койду. “Бош эмес болсо тарта беребиз” деп тартайын деп атсак, “эмнеге бастырып кирип атасыңар” деп ызы-чуу кылып жиберди. Мен уруксат бергенде киресиңер деп, бизди чыгарууга буйрук берди. Милиционерлер операторду чыгарып жиберишти. Күбөлүгүмдү көрсөтүп түшүндүргөнгө аракет кылганда, мага асылып жиберди. Ата-энеме, тарбияма шек келтирген сөздөрдү айтты. Толук кандуу тарта албай кетип калдык», — деп түшүндүрдү журналист.

Жанибек кызы менен Абдуллаеванын ортосунда чыккан чыр боюнча социалдык тармактарда тасма тарап жатат. Анда Абдуллаева «дагы эмнеге келдиң, унчукпай тартып кете бер» деп айтканын көрүүгө болот.

«Сен төрөлө электе ушул жерде иштеп жүргөм. Сен анда жок элең. Так что, окутпа мени. Дагы эмнеге келдиң? Унчукпай тартып кете бер. Калганын сотто сүйлөшөбүз. Силер камераны бетине такап ар кимди коркутасыңар. Уят болот! Жап-жаш кызсың. Сен менин кызымдан да кичине кызсың», — деген Абдуллаева.

«Клооптун» журналисттери Абдуллаевага байланышканда, ал жаңжал «журналист бейджик же күбөлүгүн көрсөтпөй туруп добушканага бастырып киргендиктен» чыкканын айтат.

«Шайлоо тынч өтүп жатат. Явка аз болуп атат. Добуштарды сатып алган учурда киши көп болот эле, Ошто өзгөрүү бар деп жатат элек […] Жаш эле кыз келип селкилдетип жатса жүрөгүң ооруйт экен да. Кан басымым көтөрүлүп укол алдым. Чын жүрөктөн иштеп жатсам. Бирөөнүн бир сом каражаты мага керек эмес», — деди ал.

Ош ШИИБиден социалдык тармактарда тараган тасма боюнча териштирүү башталганын билдиришти. Ошондой эле милиционерлер УШКнын башчысынын көрсөтмөсү менен журналисттерди добушканага киргизбей коё алышат деп белгилешти.

Жыйынтыгы жокко чыгарылган 11-апрелдеги шайлоодо аталган участокто «Клооптун» журналисттеринин ишине да тоскоолдук жаратылган. Анда байкоочулар журналисттерди сыртка кууп чыгып, ал эми милиционерлер кайра киргизбей эшикти жаап туруп алышкан.