Шайлоодогу мыйзам бузуулар. ИИМ беш факт боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады

Милиция кызматкерлери 11-июлда «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын үгүттөөчүлөрүн кармаган маалы

Ички иштер министрлиги 11-июлдагы Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоодо мыйзам бузуулар боюнча жалпы 67 маалымат келип түшкөнүн кабарлады. Алардын 37си Бишкекте, 12си Ошто жана 18и Токмокто.

Учурда милиция 16 маалыматты териштирип жатат. Ал эми «Добуштарды сатып алуу» боюнча үч, «Майда бейбаштык» боюнча эки факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдиришти.

Ал эми бузуулар боюнча дагы алты маалымат үч шаардык аймактык комиссияларына жиберилди. Калган мыйзам бузуулар боюнча маалыматтар такталбагандыктан алар номентклатуралык ишке чыгарылды.

Шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн «Жалпы иш» коомдук фонду 11-июлда түшкө чейин Ошто жана Бишкекте өтүп жаткан кайра шайлоодо 22 мыйзам бузууну аныкташкан. Токмок шаарында түшкө чейин мыйзам бузуу катталбаганын белгилешкен.

Ошондой эле «Жалпы иш» коомдук фонду буга чейин шаардык кеңештерге кайра шайлоого үгүт иштеринин жүрүшүнө 83 мыйзам бузуу фактыларын аныктаган.

11-июлда Ош, Бишкек жана Токмок шаарларында шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өткөрүлдү. Буга чейинки шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.

Үч шаардык кеңешке шайлоодо 26 партиядан 2 204 талапкер ат салышты. Борбор калаада 18 партиянын ичинен алтоо, Ош шаарында сегиз партиянын төртөө, ал эми Токмокто алты партиянын ичинен бешөө шайлоо босогосунан өткөн.

Тема боюнча:

«Жалпы иш»: Ошто жана Бишкекте өтүп жаткан шайлоодо 22 мыйзам бузуу катталды

УКМК: «Эмгек» партиясынын өкүлү акча таратып жаткан жеринен кармалды

Бишкек, Ош, Токмок: Шайлоонун жыйынтыгы жана мандаттардын саны