«Жалпы иш»: Ошто жана Бишкекте өтүп жаткан шайлоодо 22 мыйзам бузуу катталды

Сүрөт: Тойчубек Боронбаев / Kloop.kg

«Жалпы иш» коомдук фондунун байкоочулары саат 13:00гө чейин Ошто жана Бишкекте өтүп жаткан кайра шайлоодо 22 мыйзам бузууну аныкташты. Анын 13ү Бишкекте, калганы Ош шаарында катталды.

Бишкек шаарында шайлоо участкаларын ачууда алты, добуш берүүнүн купуялуугу бузууу боюнча төрт жана добуш сатып алуу фактысы боюнча эки мыйзам бузуу аныкталган.

Ал эми Ош шаарында беш шайлоо участкасы эрежени бузуу менен ачылган. Ошондой эле, аталган фонддун байкоочулары партиянын өкүлү шайлоочулардын тизмесин жана добуш берүүнүн жол-жобосун көзөмөлдөгөн эки фактыны аныкташкан. Мындан сырткары шайлоо участкасында уруксатсыз адамдардын бар экендиги жөнүндө эки факт катталган.

Токмок шаарында мыйзам бузуулар катталган эмес.

«Жалпы иш» фонду 18-июндан бери Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайра шайлоого үгүт иштеринин жүрүшүнө байкоо жүргүзүп 83 мыйзам бузуу фактыларын аныктаган. Анын 52си Ош шаарында, ал эми Бишкек шаарында 24, Токмокто жети факты каттоого алынган.

«Жалпы иш» коомдук фонду

«Жалпы иш» коомдук фонду — 2019-жылдын 27-мартында негизделген. Фонд Кыргызстандагы шайлоолорго мониторинг жүргүзүү, мамлекеттик кызматтардын жана жарандык билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында түзүлгөн.

«Жалпы иш» коомдук фондунда 50дөн ашык ыктыярчы 95 шайлоо участогунда байкоо жүргүзүп келет.

8-июлда «Жалпы иш» Ош шаардык кеңешине шайлоого аттанып жаткан «Ынтымак» саясий партиясынын үстүнөн добуш сатып алуу аракеттери боюнча БШКга арыз жазган. Боршайком фонддун арызын 9-июлда карап, аталган партияны шайлоодон четтетүү үчүн негиздер бар экенин талкуулашкан. Андан кийин партия шайлоого катышуудан баш тартуу арызын жазган.

11-июлда Ош, Бишкек жана Токмок шаарларында шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өтүп жатат. Буга чейинки шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.

Жалпысынан үч шаарда кайра шайлоого 617 517 шайлоочу катталды. Анын басымдуу бөлүгү Бишкекте добуш беришет — 426 699, Ошто — 152 718 жана Токмокто — 38 100 киши шайлоого катышуу ниетин билдирген. Шайлоо эртең мененки саат 8:00ден кечки саат 20:00ге чейин созулат.

Үч шаардык кеңешке шайлоодо 26 партиядан 2 204 талапкер ат салышууда. Борбор калаада 18 партия, Ош шаарында сегиз, ал эми Токмокто алты партия катышууда.