УКМК: «Эмгек» партиясынын өкүлү акча таратып жаткан жеринен кармалды

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

10-июлда «Эмгек» партиясынын өкүлү Бишкектин Ленин районундагы №2 муниципалдык аймактык башкармалыктын жашоочуларына акча таратып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

УКМКдан билдиришкендей, кармалган жаранды тинтүү учурунда 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты жана шайлоочулардын тизмеси табылган.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран “Эмгек” партиясынан талапкери Р.у.Тнын көрсөтмөсү боюнча МАБ-2де катталган ар бир шайлоочуга 1 миң сомдон акча каражатын таратып жаткан», — деп жазылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Ал эми «Р.у.Т.» инициалдарына «Эмгек» партиясынын талапкери Талантбек Рысбек уулу туура келет. Ал тизмеде №20 катарда жайгашкан.

Атайын кызмат «Добуш сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. УКМКнын басма сөз кызматы аталган факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылып жатканын билдирди.

Буга чейин «Жалпы иш» коомдук фонду Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге кайра шайлоого үгүт иштеринин жүрүшүнө 18-июндан бери байкоо жүргүзүп 83 мыйзам бузуу фактыларын аныктаган.

«Эмгек» партиясынын шайлоодон четтетилиши

Бишкек шаардык кеңешке 11-апрелде өткөн шайлоого 26 партия катышкан. Алардын ичинен алты партия 7 пайыздык шайлоо босогосунан өткөн, алар: «Эмгек», «Ак Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл».

Кийинчерээк Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы «Эмгек», «Ак-Бата» жана Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясыны шайлоодон четтетип салган. Ошондой эле Бишкек АШКсы шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын да жокко чыгарган.

«Негизги себеби — КЭДП, “Эмгек” жана “Ак-Бата” партияларынын күнөөсү. Ак-Бата көчөлөрдү тегиздеп бергени үчүн, “Эмгек” — админресурс колдонгону үчүн. КЭДП— участкалардагы бузуулар үчүн», — деп билдирген Бишкек АШКсынын башчысы Кайрат Маматов.

«Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан» жана «Ынтымак» партиялары Бишкек АШКсынын калаадагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу туууралуу чечиминин үстүнөн БШКга даттанган. Бирок кийинчерээк «Ынтымак» өз арызын чакыртып алган.

Үч шаардык кеңешке кайра шайлоо

11-июлда Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтүп жатат. Үч шаардык кеңешке шайлоодо 26 партиядан 2 204 талапкер ат салышууда. Борбор калаада 18 партия, Ош шаарында сегиз, ал эми Токмокто алты партия катышууда.

Кечээ, 10-июлда, өлкө боюнча 3 511 жаран добуштарын участоктон сырткары добуш беришти — алардын арасында президент Садыр Жапаров да бар. Буга өлкө башчысынын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус аныкталгандыгы себеп болду.

Ал эми буга чейин 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын БШК жокко чыгарган. Мындай чечимге аталган шаарлардагы участкаларда шайлоочуларды жапырт каттоо, добуш сатып алуу, админресурстун колдонулушу жана мыйзам бузуулар массалык мүнөзгө ээ болгону себеп болгон.