Бишкекте шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. «Эмгек» жана «Ак-Бата» шайлоодон четтетилди

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечимди Бишкек АШКнын мүчөлөрү 12-майда кабыл алышты.

Алгач комиссиянын мүчөлөрү Бишкектеги 23 шайлоо участкасында шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, «Эмгек» жана «Ак-Бата» партияларын шайлоодон четтетти.

Буга чейин Бишкек АШКсы НДПКны (Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясы) шайлоодон четтетип, бул чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы колдогон. Партия «добуштарды сатып алууга» айыпталган. Анткен менен НДПКнын мүчөлөрү коюлган айыпты четке кагып, БШКнын чечимин сотко чейин даттанышкан.

Жалпысынан жокко чыгарылган добуштардын саны 60 миңден ашты — бул жалпы шайлоочулардын 45%ы. Мыйзам боюнча, эгерде шайлоочулардын добуштарынын жалпы санынын үчтөн бири жараксыз деп таанылса шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылат.

Эми Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин Боршайком карайт. Эгерде БШК Бишкек шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алса, анда президент бир айдын ичинде шайлоону кайрадан дайындашы керек. Шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлоого катышуу укугунан ажыратылат.

Жалпысынан Бишкек шаардык кеңешке өткөн шайлоого 26 партия катышкан. Алардын ичинен алты партия 7 пайыздык шайлоо босогосунан өткөн, алар — «Эмгек», «Ак Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл».

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негизинен административдик ресурстун колдонулушу жана добуштарды сатып алуу негиз болгон.

Ош шаардык кеңешке «Ата-Журт Кыргызстан» (48%), «Улуттар биримдиги» (17%), «Ыйман Нуру» (8%) жана «Ынтымак» (7%) партиялары өткөн.

Ал эми Токмок шаарында дээрлик жарым мандаттар «Эмгек» (47%) партиясына туура келген. Ошондой эле шаардык кеңешке «Бирге» (18%), «Эл биримдиги» (14%) жана «Республика» (12%) партиялары өтүшкөн. Ал эми атаандаш партиялар «Эмгекти» массалык каттоолорго айыпташкан.

Шайлоодогу мыйзам бузуулар

«Клооптун» байкоочулары шайлоо маалында Кыргызстан боюнча шайлоо участкаларында 800дөн ашуун мыйзам бузууларды аныкташкан. Алардын арасында эң көп автоматтык эсептөөчү урналардын бузулушу, добуш берүүнүн купуялуулугун бузулушу (мисалы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү урнанын жанында турушкан) жана шайлоо участкаларынын аймагындагы үгүт иштери байкалган.

Мындан сырткары «Жалпы иш» фондунун байкоочулары өлкө боюнча 281 мыйзам бузууну каттап, Кыргызстандын аймактык шайлоо комиссияларына 139 даттануу жиберишкен.

12-апрелде жергиликтүү кеңешке шайлоонун жыйынтыктарна нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар шайлоо учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун, алардын ичинде добуштарды сатып алуу жана админресурс колдонулганын айтышты. Ушундай эле митингдер Ош шаарынын борбордук аянтында да өткөн.