Баткен ОИИБи: Төрт-Көчөдө тажик жараны унаасын чимирилте айдап бейбаштык кылды

Төрт-Көчө, 2-май, 2021-жыл. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop

Баткен облусунун Баткен районундагы Төрт-Көчө аймагында тажик жараны «бейбаштык кылды». Бул тууралуу «Клоопко» Баткен ОИИБден билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 13-июлда түнкү саат 00:30да белгисиз тажик жараны Ош — Исфана унаа жолундагы Исфара — Ворух авто унаа жолунун кесилиш жерине «Мерседес-Бенц» унаасын чимирилте айдап келген.

Андан соң унаасын токтотуп кыйкырып, кайрадан Тажикстандын Хожо-Ало айылына кайткан.

Ал эми «Турмуш» басылмасы жергиликтүүлөргө таянып, «тажик жарандары кыргызстандыктарга чагымчылдык кылышты» деп жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, тажикстандыктар «Мерседес-Бенц С-класс» үлгүсүндөгү эки унаа менен келишип, жолдон өтүп бараткан кыргызстандыктарды «сөгүп, жаман сөздөрдү айтышкан». Ошондой эле алардын «унааларына таш ыргытышкан».

«ИИМдин кызматкерлеринин маалыматына караганда, тажик жарандары алкоголдук ичимдиктердин же баңгизаттын таасиринде болушкан. Мындан тышкары Төрт-Көчө аймагында асманда учуп жүргөн дрон байкалган», — деп жазды басылма.

Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан басылмага тажик жарандарынын алкоголдун же баңгизаттын таасиринде болгондугу тууралуу кайсы кызматкер маалымат бергени териштирилип жатканын айтышты.

Ошондой эле Баткендин Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен Тажикстандын Хожо-Ало аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жолугуп, жогорудагыдай окуяларга жол бербөө максатында сүйлөшүү иштерин жүргүзгөнүн кошумчалашты.