COVID-19га каршы күрөшүү жана вакцина сатып алууга бюджетте дээрлик 2,25 млрд сом каралды

Экономика жана финансы министрлиги коронавируска каршы иш-чараларга өлкө бюджетинде кошумча 2 млрд 249 млн сом каралганын билдирди.

Негизинен, бул каражаттын эсебинен «кызыл зонадагы» медиктердин кенемтеси төлөнүп, COVID-19га каршы вакцина сатып алынат.

Министрликтен белгилешкендей, акчаны 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикалык бюджетке түшкөн каражаттын эсебинен бөлүүгө мүмкүн болгон.

Медиктердин кенемтесин төлөө

Азыр кызыл зонада бир сутка иштеген врач 3000 сом алат, медайым — 2500 сом, ал эми кенже медкызматкерлер — 2 200 сом.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 1-январынан тартып, кызыл зонада иштеп жүрүп короанвирус жуктурган медиктер 75 миң сомдон алышууда. Ал эми COVID-19дан улам абалы оорлоп каза тапкан медиктин үй-бүлөсү 2 млн 800 миң сом алышы керек.

Мурда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бийлик медиктердин кенемтесин өз учурунда, кечиктирбей берип жатканын айтып ишендирген.

Бирок, медиктер кенемта алуудагы кыйынчылыктарга даттанып келишет — бюроктария жана документ чогултуунун татаалдыгы. Аны менен катар, медиктер менен алардын жакындарынын айтымында, бийлик алардын документтерин карабай же артка жылдырып келет.

Мындан улам министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова 12-июнда президенттик администрациянын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө кенемте төлөп берүү чечимин карап чыгууну тапшырган.

Июль айынын башында саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жайылып баштагандан бери вируска чалдыккан 1,5 миң медкызматкерге 200 миң сомдон төлөнгөнүн билдирген. 1 млн сомдон кенемте COVID-19дан улам абалы оорлоп каза тапкан 33 медиктин үй-бүлөсүнө төлөнүп берилген.

Вакцина сатып алуу

11-июлда Кыргызстанга Sinopharm кытай вакцинасынын 1 млн 250 миң дозасы келди. Анын ичинен 1,1 млнун — өкмөт сатып алган. Калган 150 миң доза өлкөгө акысыз берилген.

Министрлер кабинети вакцинаны сатып алууга канча каражат жана кайсыл булактан жумшалганын айткан эмес.

Буга чейин Кыргызстан Кытай жана Орусиянын Sinopharm жана «Спутник V» вациналарын көбүнесе гумжардам катары алып турган.

11-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов августта бийлик Sinopharm вакцинасынын дагы 1 млн 250 миң дозасын сатып аларын билдирген. А бирок ага чейин, анын орун басары Бакашова 1 млн 250 миң доза препарат июлдун аягына чейин алып келинет деп айткан болчу.

Ал эми 12-июлда саламаттык сактоо министри Бейшеналиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 20 млн доллар бөлөөрүн билдирген.

Анын айтымында, каражаттын жарымы грант катары, ал эми экинчи жарымы 0,75% жылдык үстөк менен 37 жылга насыя катары берилет.

«19 миллион долларды COVID-19 менен күрөшүүчү товар жана кызматтарга сарптайбыз. Анын ичинде 17 миллион долларга вакцина жана керектүү компоненттер алынат. Жабдууларга 986 миң доллар, таштандыны утилизациялоого — 450 миң доллар, имараттардын оңдоп-түздөөсүнө — 750 миң доллар жана 600 миң доллар маалыматтык кампанияга жумшалат», — деп билдирген министр.

Кыргызстандагы эмдөө

Азыр Кыргызстанда COVID-19га каршы эки вакцина жеткиликтүү: орусиялык «Спутник V» жана кытайлык Sinopharm. Экөө тең жарандар үчүн акысыз. Кыргызстандагы эмдөө кампаниясы 2021-жылдын 29-мартында башталгана карабай, абдан жай жүрүүдө.

Тема боюнча: Вакцина алуу менен коронавирустун жайылышын кантип токтотсо болот? Түшүндүрөбүз

Өлкөдө эмдөө кампаниясы начар болуп атканын мурдараак министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов айтып чыккан. 24-июнда ал саламаттык сактоо министрлигинин препараттарды алып келүү жана келишимдерди түзүү боюнча иштерди создуруктуруп жатканы үчүн сынга алган.

«Эмделгендердин пайызы абдан төмөн, коркунуч болуп аткан 2 млндон ашуун жаранды эмдөө керек», — деп билдирген ал.

Эмдөө бонча көрсөткүчтөр төмөн болуп жатканда өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну башталды, илдетти жуктургандардын саны кескин өсүп жатканы байкалууда.

Саламттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 7-июлга карата вакцинанын биринчи дозасы 131 миңден ашык адамга сайылган — бул өлкө калкынын 2%га жетпегени.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 142 270 учуру катталган. COVID-19 илдетинен 2 123 адам көз жумган.